Түндүк–Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түштү
Бүгүн, 6-мартта, саат 10:56 чамасында Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымында кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда аталган тилкеде унаалар үчүн бир тараптуу каттам уюштурулуп, жол кыймылы көзөмөлгө алынган.
Жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүп жатышат.