Түптүн Шаты айылында 225 орундуу жаңы мектеп ачылды

20-февраль, 2026-ж. / Редакция / Билим 58

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Шаты айылында Д.Молдогазиев атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Аймактын басма сөз кызматы 225 орунга ылайыкталган имарат заманбап шарттар менен камсыз болгонун маалымдады.

Жаңы мектептин ачылыш аземине Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов, Дүйнөлүк банк өкүлдөрү, район жетекчилиги жана айыл тургундары катышты. Келген коноктор айыл тургундарын жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, заманбап билим уясы окуучуларга сапаттуу билим алууга жана чыгармачылык өнүгүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзөрүн белгилешти.

Эки кабаттуу имаратта 16 окуу классы, спорт жана концерттик зал, ашкана, китепкана, медициналык кабинет, лабораториялар жана компьютердик класстар орун алган.

Окуу процессинин коопсуздугун камсыздоо максатында видеокөзөмөл орнотулуп, ар бир бөлмөдө желдетүү системасы каралган. Ошондой эле электр жарыгы үзгүлтүккө учураган учурда окууну улантууга шарт түзгөн резервдик генератор бар.

Мектеп имаратында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн лифт жана пандус орнотулуп, саркынды сууларды тазалоочу заманбап курулмалар салынган.

Курулуш иштери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылган ERIK долбоорунун алкагында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жүргүзүлдү. Ал 2022-жылы «Бийик KG» компаниясы тарабынан курула башталган. Жалпы сметалык наркы 151 млн сомдон ашат.

20-февраль, 2026-ж. / Редакция / Билим 58
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X