"Эркин-Тоо"

Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына көчөттөр отургузулду

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде жаз мезгили келээри менен жашылдандыруу, бак отургузуу иштери салтка айланган. Өткөн жума күнү  Чыңгыз Айтматов атындагы кампустун айланасын жашылдандыруу иштери “Жашыл келечек” долбоорунун алкагында уюштурулуп, «Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына жана аллеясына көчөт отургузуу” саамалыгы болду. Иш-чарага университеттин жетекчилери, окуу жайдын окутуучулары, студенттер, ишкерлер, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана демөөрчүлөр катышты. Саамалыктын алкагында ийне жана жазы жалбырактуу узундугу 2-5 метрлик 800 түп бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Мындан тышкары мөмө-жемиштердин көчөттөрү отургузулат, алардын 50дөй түрү Түркиядан алынып келген.

Салтанаттын ачылышында ректор, профессор Алпаслан Жейлан:

«Берекенин, биримдиктин айы болгон Рамазан айы биз үчүн ийгиликтүү өтүп жатат. Бул ай ичинде алгач 1600 кишинин башын бириктирген ачык асман алдында ооз ачуу уюштурулду, андан кийин муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарынан турган баштыкчалар даярдалып таратылды. Быйылкы бак-дарак отургузуу майрамынын өзгөчөлүгү – бул Түрк дүйнөсүнүн ботаникалык бакчасына жана аллеясына бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу саамалыгы болуп саналат. Түркия 5,5 миллион көчөт отургузуп жатат, биз Кыргыз-Түрк “Манас” университетине ботаникалык бакча ачып, бак отургузуп жатабыз. Айыл чарба факультетинин демилгеси менен мөмө-жемиштин көчөттөрү да тигилүүдө. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүн жарыялаган. Биздин иштер бири-бирине дал келип жатат, бул жакшы саамалык. 1 миллион доллардан ашык салым кошуп, колдоо көрсөтүшкөн бардык демөөрчүлөргө жана талыкпай эмгек кылган университеттин кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз” деди.

Иш-чаранын демилгечиси, айыл чарба факультетинин мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн ага окутуучусу Хасан Йылмаз: “Бул ботаникалык бакча келечекте студенттердин эс ала турган багына айланат. Бир гана студенттер эле эмес, шаар тургундары, сырттан келген меймандар да эс алса болот. Буга чейин да Түркияда ботаникалык бакча курганбыз, ошондо Кыргызстанда ачсам деп кыялдандым эле. Мына азыр бул ишке ашып отурат” деди.

Долбоордун ишке ашуусуна TKD, Eti Bakir, Novotel, Elka Trade, Nobel la, GRUPPLANTPARK, Madiyo Декна Бишкек текстиль, DemirBank, Coca-Cola компаниясы, «АТА» кондитердик фабрикасы, профессор Гүнгөр Акчай жана башкалар колдоо көрсөтүштү.

№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Айтолкун Бадырова

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!