Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркия Республикасынын түптөлүшүнүн 100 жылдыгына арналып уюштурулган “Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарынын” XII Эл аралык симпозиумунун ачылыш аземи болуп өттү.
Түркиянын салттуу спорт федерациясынын президенти, “Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: “Салттуу спорт оюндары улут катары кайрадан калыптануубуз үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Улуттук маданиятты жашаткан эң маанилүү нерсе – адамдардын аны ээлик кылуусу жана жашатуусу. Салттуу спорт оюндарыбыз маданият менен спорттун кесилишкен жери, башкача айтканда, спорт менен машыгып жаткан учурда каада-салтыбызды да көрсөтөбүз. Симпозиум байыртадан келе жаткан каада-салттарыбызды келечек муунга өткөрүп берүүдө маанилүү платформалардын бири», -деди.
Түрк элдеринин салттуу спорт мурасын сактоо жана жайылтуу максатында өткөрүлүп жаткан беш сессиядан турган симпозиум Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Орусия жана Кытай өлкөлөрүнөн келген эксперттердин башын бириктирди. Үч офлайн жана эки онлайн-сессияда жалпы 126 доклад окулган симпозиум ар кайсы географиялык аймактардан эксперттердин катышуусуна мүмкүнчүлүк берди.