Түркия: Эрзурумда FIS Snowboard World Cup мелдеши өтөт

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 102

2026-жылдын 6–8-март күндөрү Түркиянын Эрзурум шаарындагы Паландөкен тоо-лыжа борборунда FIS Snowboard Cross World Cup мелдеши өтөт. Иш-чарага 20дан ашык өлкөдөн болжол менен 300 спортчу катышары күтүлүүдө. Мелдеш Паландөкенде экинчи жолу уюштурулуп жатат. Борбор узун жана тик трассалары, туруктуу мезгилдик шарттары менен кышкы спортту өткөрүүгө ылайыктуу аймак катары белгилүү. Уюштуруучулар үч күн бою дүйнөнүн мыкты сноубордчулары жогорку ылдамдыкта таймашарын билдиришти.

Мындан тышкары, 12–15-февралда ошол эле борбордо Frozen Festival аттуу кышкы фестиваль өттү. Анда концерттер, сноуборд жана лыжа боюнча мелдештер, ошондой эле маданий иш-чаралар уюштурулду.

Эрзурум буга чейин 2025-жылы Экономикалык Кызматташтык Уюму тарабынан Туризм борбору деп жарыяланып, эл аралык кышкы спорттук иш-чараларды өткөргөн шаарлардын катарына кирген.

23-февраль, 2026-ж. / Редакция / Дүйнө 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X