Түркия карантин чараларын кайрадан күчөттү

30-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 21

Түркияда коронавирус илдетинин кайрадан тездеп жайылышына байланыштуу 30-марттан баштап иш күндөрү кечки саат тогуздан таңкы бешке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды.
29-мартта президент Режеп Тайып Эрдоган басма сөз жыйынында алааматтуу коронавируска байланышкан чектөөлөр кайрадан киргизилгенин кабарлаган.
Кабыл алынган чечимге ылайык, 14-апрелден баштап өлкөдө кафе-ресторандарда тамактанууга болбойт. Ал эми тамак-ашты калайык өзү менен кошо ала кеткенге гана уруксат берилет.

30-март, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X