Түркияда 26-апрелге чейин күчөтүлгөн режим
Түркиянын Ички иштер министрлиги, 23-апрель — Түркиянын эгемендик күнүнө жана балдар күнүнө карата, комендаттык саат киргизүү жөнүндө буйрук чыгарды. Ага ылайык, Түркия жарандарына 22-апрель саат 19:00дөн тартып, 26-апрель саат 5:00гө чейин үйдөн чыгууга болбойт. Жарандарга саат 10:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта азык-түлүк алуу, дарыканага же ооруканага баруу үчүн гана сыртка бир маал чыгып келүүгө уруксат берилет.
23-апрелде жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жана Улуттук билим берүү министрлигинин Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюуудан башка,бир да салтанат өтпөйт.