Түркияда COVID-19 менен катталгандардын саны кайрадан жогорку чекке жетти

16-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 38

Түркияда коронавирус илдетине кабылгандардын саны 16-сентябрга караган суткада 28 224 адамга жетти. 4-майдан бери эки күн катары менен көрсөткүч жогорку чекти көрсөтүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, илдеттин жаңы учурларынын эң жогорку көрсөткүчү 16-апрелде катталып, бир күндө 63 082 адамдан илдет аныкталган. Июнь айынын соңу жана июль айынын башында абал турукташып, суткасына 5-7 миң адамдан вирус аныкталып жаткан. Бирок, июль айынын ортосунан баштап вируска кабылгандардын саны кайрадан өсө баштады.

Илдеттен каза болгондордун санынын эң жогорку көрсөткүчү 30-апрелде катталып, бул күнү 394 адам каза тапкан. 1-сентябрда 290 бейтап каза болуп, бул 6-майдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп катталды.  

«16-сентябрга караган суткада 341 004 адам тест тапшырып, 28 224 жаңы учур катталды, 248 адам каза болду», — деп жазылат Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө.

Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып Түркияда CoronaVac жана Sinovac Biotech препараттары менен калкты эмдөө башталган. Март айында өлкөгө Pfizer/BioNTech компаниясынын вакциналары алынып келген.

Ал эми апрель айынын соңунан тартып өлкөдө «Спутника V» вакцинасы менен эмдөө жүргүзүлө баштаган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Түркияда бүгүнкү күндө 52 миллион адам эмделип, 41 миллиондон ашуун адам вакцинанын экинчи дозасын алды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X