"Эркин-Тоо"

Түркиянын “Калдыктарсыз дүйнө” долбоорун БУУ колдоого алды

Түркия өткөн жылы Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү жана туруктуу өнүгүү пландарын түзүү боюнча сунуш киргизген. Анкаранын бул сунушу БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан колдоо таап, 30-март дүйнө жүзү боюнча “Калдыктарды жок кылуунун Эл аралык күнү” деп жарыяланды.

«Нөл калдык» (“Zero Waste”) долбоору менен Түркия дүйнөнү кабатырга салып турган экологиялык жана жаратылышты коргоо долбоорлорун алдыга жылдырууда үлгү өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Аталган программа ысырапкорчулуктун алдын алуу, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, калдык, таштанды чыгарбоо, анын алдын алуу же минималдаштыруу, ошондой эле калдыктарды кайра иштетүүнү көздөйт.

Негизи түрк ашканасында калдыксыз жана туруктуу кулинардык практика философиясы сакталган. Тамак-аштан таштанды чыкпайт деле. Ысырапкорчулукка болсо жол берилбейт. Табигый жана органикалык азыктардан жасалган тамак-аш, вегетариан жана вегетариандык тамак-аштар түрк дасторконунда маанилүү ролду ойноп келет. Түрк ашканасында кандай гана тамак жасалбасын ингредиенттер ысырап болбойт. Мисалы, эскирген нандан да көптөгөн тамактар ​​жасалат. Калган палоов, шорпо же күрүч пирогуна айланат. Долмаларды жасоо үчүн ашкабактын же баклажандын ичин алып салышат. Бирок эч качан таштандыга ыргытышпайт. Андан башка даамдуу тамак чыгарышат. Үй-бүлөлөр, чоң-чоң маарекелерде берилетурган тамактар миңдеген жылдардан бери жергиликтүү эл тарабынан жасалып келе жатат.

 

ТҮРКИЯДАГЫ ТУРУКТУУ ТУРИЗМ

Түркия Улуттук Туруктуу Туризм программасын түзүү үчүн GSTC менен кызматташууга кол койду. Дүйнөнүн эң алдыңкы экологиялык жана туруктуулук платформасы болгон GSTC Түркия үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Өлкө бул макулдашуу менен да дүйнөгө  өрнөк боло алды десек болот. Түркия GSTC менен түзүлгөн келишимдин алкагында, туруктуу туризм боюнча улуттук программасын иштеп чыкты. Бул багытта да дүйнөдө биринчиликти багынтты.

Өткөн жылы башталган Туруктуу туризм программасы жергиликтүү калктын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртуу, маданий мурастарды өркүндөтүү, булганууну азайтуу жана ресурстарды сактоо менен бирге биологиялык ар түрдүүлүктү, экосистемаларды, жаратылыштын кооздугун коргоо багытында иш алып барууда. Туруктуу туризм долбоору 2030-жылга чейин баскычма-баскыч ишке ашырылат. Алгач туруктуу конок жай долбоорун аягына чыгаруу каралган. Туруктуу туризм программасынын талабы боюнча Түркиядагы конок үйлөрдүн баары 2023-жылдын аягына чейин 1-даражадагы Туруктуу туризм күбөлүгүн алуусу керек.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!