Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды
Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси болуп Ахмет Садык Доган дайындалды. Жаңы элчи менен кечээ,12-апрелде КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жолугушкан. Бул тууралуу Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.