12-мартта Түркмөнстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп, анда Сердар Бердымухамедов утуп чыкты. Бул туурасында өлкөнүн БШКсына таянуу менен РИА Новости жазды.
Борбордук шайлоо комиссиясы учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов шайлоочулардын 72,97 пайыз добушун алганын билдирди. Шайлоого калктын 97,12 пайызы катышкан. Жалпысынан шайлоого 9 талапкер ат салышкан.
Эске салсак, Түркмөнстандын президенти жети жылдык мөөнөткө шайланат.