Таалайбек Ибраев жаштарды энергетика тармагында билим алууга чакырды

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Билим 87

Энергетика министри Таалайбек Ибраев энергетика тармагында адистешкен кадрлар абдан маанилүү экенин айтып, мектеп бүтүрүп жаткан жаштарды ушул багытта билим алууга үндөдү. Бул тууралуу ал тармактагы реформалар жана инфраструктуралык долбоорлор тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Министрдин айтымында, өлкөдө энергетика тармагы реформаланып, жаңы объектилер курулуп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Ошондуктан энергетиктерге, электриктерге, ширетүүчүлөргө жана электр жабдууларын тейлөөгө адистешкен техникалык кадрларга муктаждык күч бойдон калууда.

«Бул адистерсиз жаңы ГЭСтердин, электр тармактарынын иши мүмкүн эмес. Туруктуу, жакшы жумушту кааласаңыздар, энергетика тармагы сиздер үчүн чоң мүмкүнчүлүк берет. Энергетика — өлкөнүн жүрөгү, ансыз өнүгүү жок. Профессионалдык жогорку окуу жайларынан сапаттуу билим алып, практикадан өтөсүздөр. Ар бир бүтүрүүчүнү иш менен камсыздоого даярбыз», — деди Ибраев.

Министр мектепти аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү кесип тандоодо терең ойлонууга жана эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон адистиктерге артыкчылык берүүгө чакырды.

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Билим 87
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X