ТААРЫНЧЫМ ТОЛУП ТУРГАН КӨЗҮҢДӨМҮН

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 34

Кыргыз Эл акыны Бактыгүл Чотурованын «Көзүңдөмүн…» деген алты строфадан турган ырын интернет айдыңындагы автордун социалдык баракчасынан окуп, бул ырды жөн эле көз жаздымда калтырып өтүп кете албадым. Мен аны окуганымда, сүйүүдөн калган өкүнүч менен ички сезимдердин күрөшүнүн лирикалык хроникасын так эле тасмадан даана көргөндөй көз алдыман өткөрүп турдум. Мында, лирикалык каарман сүйүүдөн жаралган үмүттүн кыйрашы ички жан дүйнөсү аркылуу өтүп жатканын, руханий тереңдик менен зикир чалып, теспе тартып, Жаратканга жан сырын айтып отургандай өтө аяр, жеткиликтүү бийик деңгээлде драматизмдин динамикалык принциби менен окурманга нагыз чындыкты сунуштаганы байкалат. Келиңиз, бирадар бул ырга чогуу назар салып көрөлү:

“Ии десең, бекер тура өкүнгөнүм,

Суу кечпей калганына сөзүм менин…

Бир сындым, бирок сен да сездиң аны,

Байкасам жалтаңдаган көзүңдөмүн…” бул строфанын өзөктүк идеясы – өкүнүч менен ички күйүт. Чыгармада лирикалык каарман өзүнүн мурдагы чечимине же аракетине өкүнүп: «Сөзүмүн суу кечпей калганына өкүнгөнүм бекер тура» – деп бир убакта өкүнгөнүнөн да ашып түшүп, азыркы ушул тапта сынып турганын: «Бир сындым, бирок сен да сездиң аны…» деген саптары аркылуу эки адамдын жеке мамилесинен келип чыккан ички дүйнөсүнүн жабыркоосун, бир кездеги жакындык менен учурдагы алыстыкты, антитезалык мотивге салып – түшүнүктөрдү, образдарды, сезимдерди карама-каршы коюп, негизги идеяны өзгөчө чеберчилик менен абдан кылдат ачып берген. Ырда лирикалык каарман өзүнүн ички абалын гана эмес, каршысындагы адамдын да сезимин окурманга көрсөтүп: «Байкасам жалтаңдаган көзүңдөмүн…» деп – бул сап менен уялууну, өкүнүүнү, күнөөсүн сезгендиктен көзүн ала качкан жалтаңдоону, заарканган психологиялык оор абалды окурманга “жалтаңдаган көз” аркылуу берилген абдан бир кичинекей деталь менен даана көрсөтүп койгон.

II строфаны карап көрсөк:

“…Агылып суудай таза сезим менен,

Мен сени кандай бийик көрүүчү элем.

Тыз этип жүрөгүмдү тилип кетти,

Тизгиндеп ызалуудай бөлүү ченем…” бул строфада “Агылып суудай таза сезим менен” – деген сап – сүйүүнүн тазалыгын, чынчылдыгын символдоштуруп турат. Сезим табият менен салыштырылып, эстетикалык бийиктикке көтөрүлүп чыккан. «Мен сени кандай бийик көрүүчү элем» – деген саптан идеалдаштыруу – сүйгөн адамды ченемсиз бийик баалоо, руханий идеал катары кабыл алуу байкалат. “Тыз этип жүрөгүмдү тилип кетти…” мындагы ички жараат, эмоционалдык сокку метафора аркылуу берилип, терең психологиялык абалды эске салат. “Тизгиндеп ызалуудай бөлүү ченем” – бул сап лирикалык каарман өз сезимин башкарып, өзүн колго алып кармап турганын далилдейт. Мындан ички конфликтти, акыл менен жүрөктүн күрөшүн көрүүгө болот.

Ал эми III строфадан иллюзиянын кыйрашын байкайбыз.

“Карайып Ысык-Көлдүн тереңиндей,

Карегим жалт деп алып берегиндей.

капалуу каларымды күтпөгөнмүн,

Калп чыгып сени өзүмдөй дегеним эй…” мында лирикалык каарман сүйгөн адамын өзүндөй көрүп жаңылышканын кеч түшүнүп, жан дүйнөсүнүн кыйроосун “Ысык-Көлдүн тереңиндеги карарган мейкиндикке” салыштырып, ички күйүтүнөн өзүн-өзү аяп, жабыркап турган психологиялык абалын – “капалуу каларымды күтпөгөнмүн” – деген сапта ачык берет. Үмүт менен ачуу чындык, ишеним менен көңүл калуу карама-каршы коюлуп, сүйгөн жарга ашыкча ишенүүдөн жаралган руханий жабыркоо трагедиясы ачык чагылдырылат.

“Эсимден качан өчөт өкүнгөнүм,

Жылдызым жерге түшкөн кезиндегим.

Тартылып көлдүн эрке толкунундай,

Таарынчым толуп турган көзүңдөмүн…” IV строфадан – эмоционалдык кульминацияны байкоого болот. Лирикалык каарман өкүнүч убактылуу эмес, узакка созулган жүрөк жарасы экенин, учурдагы таарынууну сүйүүнүн уландысы катары сезимдин толук өчө элек экенин сүрөттөйт. “Эсимден качан өчөт өкүнгөнүм?” деген риторикалык суроо –жан дүйнөдөгү айыкпас өкүнүчтү, руханий жараны терең ачып көрсөтөт. “Жылдызым жерге түшкөн кезиндегим” – бул сап ишенимдин өчүп баратканын, үмүттүн үзүлүүсүн туюнткан көркөм штрих. “Тартылып көлдүн эрке толкунундай” – деген салыштыруу сезимдин назиктигин, бирок ошол эле учурда туруксуз мүнөзүн көрсөтүп, “Таарынчым толуп турган көзүңдөмүн” – деген сапта сүйүүдөгү таарыныч, ичте калган нааразычылык көз караш – психологиялык байкалып-байкалбаган кичинекей каректеги деталь аркылуу абдан чебер берилген.

“Эх, турмуш, кадамыңдан санап изди,

Кайтарып, баратсаң да карап түздү.

Кубаныч курдаш кылып кайгырууну,

Куу турмуш курмандыкка алат бизди…”. Бул V строфадагы “Эх, турмуш, кадамыңдан санап изди…” – деп “турмуш” адамдай сүрөттөлүп, ага кайрылуу аркылуу лирикалык каармандын тагдырга болгон нааразычылыгы “персонификациялык” ыкма менен берилет. Бул образдуу сап жашоонун ар бир баскычын аңдап-туюп өтүүгө аракеттенүүнү билдирет. “Кубаныч курдаш кылып кайгырууну” – деп кубаныч менен кайгынын катар жүрүшү адам турмушунун мыйзам ченемдүү көрүнүшү катары философиялык мотивде сүрөттөлөт. “Куу турмуш курмандыкка алат бизди” – деген метафора турмуш адамды сыноолор аркылуу эзип, жоготууларга дуушар кыларын туюнтат. Бул строфадагы негизги айтылган ой – жашоо карама-каршылыкка толгон, адамды дайыма сыноого салган татаал жол экендиги баяндалган.

Үндөбөй өз сөзүмдү өзүм жедим,

Бирөөгө керектир сен эзилмегиң

Кымбаттык бизден качып баратканын,

Кыялбай кылчактаган көзүңдөмүн…” VI строфадагы “Үндөбөй өз сөзүмдү өзүм жедим…” – деген лирикалык каармандын сырын сыртка чыгарбай, өз ичинен азап тартканы ички монолог аркылуу берилип, тыйылуунун, руханий такыбалыктын күчтүүлүгүн көрсөтөт. “Бирөөгө керектир сен эзилмегиң” – деген сапта адамдын башкалар үчүн өзүн курмандыкка чалган абалы бирөөлөр үчүн керектиги, адамзаттын жашоосу пендечилик түшүнүктөн узап кете албаган социалдык абалды ачып берген. “Кымбаттык бизден качып баратканын, Кыялбай кылчактаган көзүңдөмүн…” – бул символикалык сүрөттөө – чечкинсиздиктин, алыстап бараткан сүйүүнүн белгиси. Мында өзүн басынтуу, бардык азапка унчукпай чыдоо, жоголуп бара жаткан баалуулуктарга жан кейитип өкүнүү, турмуштун катаалдыгы реалдуу сүрөттөлүп, лирикалык каармандын тагдырга, сүйүүгө, өзүнө болгон ички күрөшүн философиялык тереңдик менен ачып берген.

Бул ырында лирикалык каармандын ички ой жүгүртүүсүн – орошон талант – Бактыгүл Чотурова ички монолог принцибин ашык-кеми жок чебер колдонуп, мыкты сүрөттөгөн. Тексттин күчү – анын жөнөкөйлүгү менен ичтен түптөлүп чыккан чынчылдыгында. Автор сезимди чоң эпитеттер менен эмес, туюм-сезим, кыймыл-аракет аркылуу бергенин: “суу кечпей калган сөз,” “жалтаңдаган көз,” “өз сөзүн өзү жеген,” “сынып турган” абал сыяктуу образдарда өтө жандуу чагылдырып, жан дүйнөнүн чыныгы кыймылын көрсөтүп турганын сезимтал окрман кантип байкабай коё алат?! Бул саптар – өкүнүч, санаага батуу, сөзү жок көз караштан түшүнүшүүнүн бир бүтүн поэтикалык элеси экенин кантип танабыз. Мына ушул психологиялык тереңдик бул ырды жөнөкөй сүйүү ырынан жогору көтөрүп чыгып, бийик деңгээлдеги руханий-философиялык лирикага айланткан. Бул албетте миңден бирөө болуп жаралган – Бактыгүл Чотурова деген акындын дүйнөсү пенде турмушунан Аллага чейинки мейкиндикте масштабдуу ой жүгүрткөнүнөн кабар берет. Бар болуңуз, баасы жок талант! Чыгармачылык ийгиликте чек болбосун!

Бахпурбек Аленов

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X