Кыргыз-казак чек арасында жаралган бүгүнкү абал ЕАЭБдин негизги 4 шартынын бири болгон – Биримдиктин ичинде товардын эркин жүрүшү деген норманын бузулушуна доо кетиргендей болду. Боордош эки элдин ортосунда мамиле журт башкарган жакшылардын жеке таарынычынан жогору турарын миң ирет айтсак да, чек ара жеке таарынычтан же болбосо сес көрсөтүп коюу максатынан улам-улам жабылып, казак менен кыргыздын карапайым калкын кыйын күнгө салуу токтобой койду. 2017-жылы да Нурсултан Назарбаев биздин “балп” этме Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө таарынып, чек арасын жаап койгон. Бүгүн болсо “кыргыздар бизге суу бербей жатат” деген шылтоо менен чек арада маселе жаралды. Улуу Абайдын “Кыргыз менен казак бир тууган дегенде дүйнөдө колдобой турган эч ким жок” деген сөзү бар. Бул сөздү казактардын биринчи Президенти Нурсултан Абишович өзү бир нече ирет айткан жайы бар.
Улуу Абай айткандай казак менен кыргыздай дүйнө элинде жакын эл жок. Эки элдин арасын Ала-Тоо гана бөлүп турбаса, башка эч нерсе бөлүп тура албайт. Бирок, акыркы убактагы саясий көз караш, таарыныч Ала-Тоодон да бийик болуп, канатташ казак-кыргыз чек арасын жаптырды. Бул көрүнүш бир тууган деген казак менен кыргызды дүйнө элине мазактаганга тете болчу иш болду.
Ооба, быйыл суу тартыштыгы бир эле казак менен кыргызды түйшүккө салган жок, дүйнө эли суунун түйшүгүн тартты. Конок дегенде койнун кенен ачкан кыргыз өзүнө суу жетпей жатса да, бир тууган казак суусуз чөлгө айланбасын деп сууну берип келди. Эми “суу бербей жатат” деп чек араны жапкан “жаман жата калып ат үркүтөт” дегендей болууда. Мындай мамиле боордош элдин журт башчыларына абийир алып келбейт. Казакка кыргыздан жакын эл жок дешсе, эки элди бөлүп кароого жол берилбеши керек эле. Жеке таарыныч, саясий көз караш эки элдин аласа-бересесинен, карым-катнашынан жогору турбаш керек болчу. Бир кезде бийлик сересинде турган Нурсултан Назарбаев Атамбаевдин “балп” эттирмесине алдырып, инисинин айтканын ага катары кулак сыртынан кетире албай, пендечиликке алдырган. Ошондо казак чек арачылары кыргыз жарандарына “Президентиңерге салам айтып баргыла!” деп айтышкан. Бүгүн казак ЖМКлары “кыргыздар суу бербей жатат” деген маанидеги маалыматты чыгарууда. Ушунун өзү таарынычтан улам чек арада тосмо коюлганын айгинелеп коюп жатпайбы. Башка олуттуу кайсыл маселе болушу мүмкүн.
Кыргыз-казак абдан жакын эл, бизге котормочунун да кереги жок. Дээрлик бир тилдүү элбиз. Абдан жакын, төөнүн эки өркөчүндөй эгиз эл качанкыга чейин жеке таарынычтан, эмоцияга алдыруудан кыйынчылык көрүүсү керек? Же өз оокатын кылып жаткан казак-кыргыз дүйнө элине биз бир элбиз деген саясатты жар салуу үчүн гана абдан жакын болуп калабы? Саясат башка форматта, элге кысым көрсөтпөө менен чечилүүгө тийиш. Кыргызда “Бетеге кетет бел калат, бектер кетип эл калат” деген алтын сөз бар. Казак лидерлери да “Президенттер, башчылар келет-кетет. Эки эл түбөлүккө калат” деп айтып жүрүшөт. Куштун эки канатындай болгон бир тууган эки элдин ынтымагы деген ураан дүйнө элине сиңиш үчүн казак журт башчылары бир гана казак элине эмес, кыргыз журт башчылары болсо бир гана кыргыз элине эмес, эки элге жүрөктөгү мээримди бирдей төгүүгө милдеттүү. Кыргыз менен казакка бул ааламда жакын башка улут жок.
Казак Президенти Касым-Жомарт Токаев тышкы саясатта, дипломатияда бышкан саясатчы. Орус лидери Владимир Путин менен саммит учурунда бирге олтуруп, Украинадагы абал боюнча өз оюн так айтканы дүйнө элин таң калтырган. Ушундай көсөм аксакал “суу бербей жатат” деген таарынычтан улам боордош элине маселе жаратып жатканы сыймык эмес. Тескерисинче, аксакал эл башчы катары бүтүндөй өрөөнгө жол көрсөтүшү зарыл болчу.
Кыргыз эли алмуздактан бери Бакайдай болгон нарктуу аксакалдары менен сыймыктанып келген. Токаев да бүгүнкү жаралган маселеге көңүлкош болбостон, абалды туура түшүнүү менен мамиле жасап, туура чечим кабыл алганда кадыр-баркы эки элдин арасында жогоруламак.
Бир кезде Нурсултан Назарбаев “Саясатчы болуу, эл башкаруу үчүн пилдин терисиндей териң болуусу керек. Жакын, тууган, боордош эки элдин арасындагы карым-катнашка эмоция таасир тийгизбейт деп ойлойм. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажик- стандын чыгар жолдору темир жолу, автоунаа жолу, байланыш да, учактары да бизден келип олтурат. Достукту, биримдикти сактоо керек. Андан артык дүйнөдө байлык жок” деп айтканы эсимде. Достуктан, биримдиктен артык дүйнөдө байлык жок деген сөз калетсиз. Эки элге достук, биримдик гана керек.
Азыр Казакстан менен Кыргызстан ЕврАзия экономикалык биримдигинде союздаш. ЕАЭБ уюмун негиздөө орус Президенти Путиндин эмес, казак Президенти Назарбаевдин идеясы болгон. Муну эч ким талаша албайт. Казактар негиздөөгө белсенген ЕАЭБдин талабы боюнча да Кыргызстандын сертификат алган товарлары Казакстандын чек арасынан токтоосуз өтүүгө тийиш. Бүгүн боордоштор максат кылып түзгөн уюмдун талабы өзүлөрү тараптан бузулуп жатканы өкүнүчтүү. Бул союздаштын, бир туугандын кыла турган иши эмес.
Кайсыл жерде пикир келишпестик болсо, аларды бириктирүүгө, жараштырууга, тынчтыкты орнотууга Астананын салымы чоң экени белгилүү. Россия менен Түркиянын ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, тирешүү күч алган кезде, Астана тарап тирешүүнү чечүүдө негизги ролду ойногон. Сириядагы конфликтти токтотуу үчүн ага тийешеси бар бардык тарап Астанага сүйлөшүүгө чакырылып, бир канча жолу сүйлөшүүлөрдүн раунду өткөн. Украинадагы башаламандыкты жөнгө салууда дагы “Норманд төрттүгүн” бир пикирге келүүгө үндөөдө Астана алгачкы кадам таштаган. Ушундай дүйнөлүк деңгээлдеги тынчтыкты орнотуучу делген Астана тараптан бүгүн боордош эл менен чек арасы жабылып, түшүнбөстүктөр жаралып жатканы уят эмеспи? Тынчтыкты орнотуучу делген Астананын аброю чек арадан өтпөй турган дыйкандын помидору же жүзүмүнүн деңгээлинде эмес. Бир элбиз, кыйынчылыкты да, жыргалды да бир көрүп келе жатабыз, кыргыздар үчүн чек арада эч кандай маселе жаралбайт, суу тартыштыгы быйыл жаралса, кийинки жылы маселе оң жагына чечилет деген чечим Астанага жарашмак.
1932-жылы казак туугандарга жут келип, эчен казак ачкачылыктан кырылып, тууган деп кыргыз бооруна келгенде, кыргыз байкуш эчкисинин бир эмчегинин сүтүн, жеп олтурган талканынын жарымысын казак бир бооруна ыраа көргөн. Тууган деп келген казак бир бооруна мамлекеттик резервдеги буудайын ачып бергени үчүн кыргыздын эки журт багар азаматы Сталиндин каарына калып атылып кеткен. Мына ушул бир туугандыктын бийик туу чокусу. Бул кылган жакшылыгын бир да кыргыз ушул кезге чейин коко кылган эмес. Чыныгы боордоштук, кыргыз элинин казак элине тууганча жасаган мамилеси деп ушуну айтыш керек.
1986-жылы Алма-Ата шаарында декабрь көтөрүлүшү болуп, казак жаштары кандай күнгө туш болгонун тарыхтын барактары жашырбайт. Тили, дини бир казактар кыйын учурга туш келгенде кыргыздан башка ким баш көтөрдү эле? Казак жаштарын колдоп Бишкекте кыргыз жаштары чогулуп, жыйын өткөрсө, жарымы жарым жолго чейин барышып, алды Алма-Атада таяк жеп кайткан. Ушуну чын жүрөктөн бир тууганга күйгөндүк деп билүү зарыл.
Түркиянын мурунку Президенти Абдуллах Гүл Анкарага Нурсултан Назарбаевдин эстелигин тургузарын билдиргенде, мажилис депутаты Тито Сыздыков Анкарадан мурун Астанага Нурсултан Назарбаевдин эстелигин тургузуш керек деп күйпөлөктөгөн. Түрк тилдүү элдерге бирдей таанымал Махмуд Кашгари дүйнөлүк картасында борбор катары Ысык-Көлдү белгилеп кетсе, кыргыздар өзүнүн бир дагы президентине эстелик тургузбай жатып, 2005-жылы Ысык-Көлдүн толтосу болгон Рух-Ордого казактардын биринчи Президенти Назарбаевдин эстелигин тургузуп койгон. Бул да казак элине сый мамиле. Андыктан, Чоң Казатта чогуу жүргөн Манас менен Көкчөнүн урпактарын “суу бербей жатат” деген таарыныч менен азапка салып, чек араны рычаг катары колдонуу эл жакшыларынын жакшы иши эмес.