Табылды МУРАТБЕКОВ, Жогорку Кеңештин депутаты: «ИЙГИЛИК – ЭЛГЕ ПАЙДА АЛЫП КЕЛГЕН ИШТЕ»
Саясатта жаштык менен тажрыйбанын айкалышы ар дайым коомчулуктун кызыгуусун жаратат. Айрыкча кыска убакытта эл ишенимине ээ болуп, активдүү демилгелери менен айырмаланган жаш депутаттарга болгон талап да, үмүт да чоң. КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Табылды Муратбеков дал ушундай жаңы муундун өкүлү. Анын демилгелери билим берүүдөн тартып, жаштар агенттигин түзүүгө чейинки маселелерди камтыйт. Жаш саясатчы менен өлкөнүн өнүгүүсүнүн багыты, реформалар жана жеке дүйнөтаанымы тууралуу кеңири маектештик.
— Табылды Муратбекович, көпчүлүк сизди жаш болсоңуз дагы татыктуу добуш менен депутат болгонуңузга таң калып, “данеги бар жигит экен”- деп баалашууда. Мындай потенциалды кантип топтоп алдыңыз?
— Кудай Таалам ушундай ишенимге татыктуу болууга насип этсин. Негизгиси, биздин билгенибизден биле элегибиз көп. Ошондуктан ар дайым үйрөнүп, изденип, элге кызмат кылууга аракет кылам. Кыргызстандын жараны катары өзүмдү “мыкты деңгээлге жеттим” деп эсептебейм. Болгону мектепте окуп жүргөндө жакшы билим алууга умтулдум. Студенттик куракта да тандаган кесибимди терең өздөштүрүп, коомдук иштерге активдүү аралашып, көп тажрыйба топтодум. Аракеттеримдин натыйжасында Жогорку Кеңештин депутаты деген чоң жоопкерчиликтүү кызматка келдим. Муну биринчиден, багыбызга жазылган Кудайдын жакшылыгы деп билем. Экинчиден, бала кезден билимге умтулуп, алдыга максат коюп жашаганымдын жыйынтыгы. Бала чагымдан эле мекенге кызмат кылам деп кыялданчумун. Бүгүн ошол кыялымды иш жүзүндө аткарууга мүмкүнчүлүк алып жатам. Мамлекет үчүн маанилүү иштерди жасап, эл ишенимин актоо – менин негизги максатым.
— Сиздин ийгилигиңиздин сыры эмнеде?
— Ийгиликтин сыры бир нече фактордон турат деп ойлойм. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк форумдарда, семинарларда “ийгиликтин формуласы” тууралуу көп айтылат. Мен үчүн ийгилик – кайсы жерде элге пайдаң тийсе, кайсы ишти жасап жатып башкаларга жардам бере алсаң, ошол ийгилик. Мисалы, айыл өкмөттө иштеп жатып элге суу чыгарып берсең, жергиликтүү маселелерди чечсең, эл сага ыраазы болуп, батасын берсе – бул дагы чоң ийгилик. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин депутаты катары ишке ашып, элге реалдуу жардамым тийип, калк тарабынан жакшы баа алсам деп ниет кылам.
— Сиздин дүйнөтаанымыңыздын калыптанышына кайсы факторлор таасир берди?
— Менин дүйнөтаанымымдын калыптанышына эң оболу көп китеп окуганым чоң таасир берди. Китеп адамды ой жүгүртүүгө, анализ кылууга үйрөтөт экен. Окуган чыгармаларым максаттарымды тактоого, жашоодогу багытымды аныктоого жардам берди. Ошондой эле мектептеги мугалимдеримдин берген таалим-тарбиясына, билимине өзгөчө ыраазымын. Алар биздин ички потенциалыбызды ачууга чоң түрткү беришти. Дагы бир маанилүү фактор ата-энемдин, таене-таятамдын батасы. Мен дайыма улуулардын батасын алууга аракет кыламын. Батанын касиети бар экенин жашоодо сезесиң: аны дароо көрбөшүң мүмкүн, бирок жашоо жолуңда дайыма колдоп, дем берип турат. “Бата менен эл көгөрөт” деген сөз бекеринен айтылбаса керек.
— Студент кезде эле маселени кабыргасынан коюп, тартынбай сүйлөгөн жигит белеңиз?
— Жок, тескерисинче, абдан уялчаак, тартынчаак бала болчумун. Студенттик кезимде жарым жыл бою доскага чыкпай, орусча сүйлөгөндөн да тартынчумун. Бирок коомдук иш-чараларга катышып, активдүү жаштарды көрүп, “эмне үчүн мен да аракет кылбайм?” деген ой жаралды. “Досуңду көрсөт, сенин ким экениңди айтып берейин” деген кеп бар эмеспи. Чөйрө адамдын калыптанышына түздөн-түз таасир этет экен. Мен дагы жакшы чөйрөгө аралашып, өзүмдү өнүктүрүүгө аракет кылдым. Ошонун аркасында лидерлик сапаттарым ачылып, коомдук иштерге аралашып, акырында саясатка кадам таштадым. Бүгүн Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келишимде ошол эмгектин, чөйрөнүн жана алган тарбиямдын салымы чоң деп эсептейм.
— Акыл жаштан демекчи, жаш депутат катары кандай демилгелерди көтөрүп чыктыңыз?
— Жаш муундун өкүлү, жаш саясатчы катары шайланып келгенден кийин негизги басымды жаштар саясатына жасадым. Президенттин алдында Жаштар агенттигин түзүү демилгесин көтөрүп, Жогорку Кеңештин жыйынында сунуштадык жана бул багытта ишти улантып жатабыз. Анткени өлкө калкынын 2,5 миллиондон ашыгы 18-35 жаштагы жарандар, бул жөн гана сан эмес, бул – мамлекеттин чоң потенциалы. Эгер жаштарга туура багыт берип, сапаттуу билим менен камсыздап, мекенчилдик идеологиясын калыптандыра албасак, эртеңки күнгө кыйынчылык жаралышы мүмкүн. Ошондуктан жаштар саясатын системалуу жүргүзгөн, жаш кадрларды бириктирген өзүнчө агенттик керек деп эсептейм. Ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөө боюнча да реформа жүргүзүү демилгесин сунуштадым. Мисал катары айтсам, 2025-жылы 50 миңге жакын бүтүрүүчү мектепти аяктап, алардын ичинен 54 окуучу алтын сертификат алды. Тилекке каршы, анын 53ү орус тилдүү мектептердин бүтүрүүчүлөрү болуп, бир гана окуучу кыргыз тилдүү мектептен чыккан. Менин оюмча, бул жерде адилеттүүлүк маселеси бар жана мамлекеттик тилге болгон мамилени да кайра карап чыгуу керек. Мындан тышкары, таза суу маселеси боюнча да демилге көтөрүп чыктым. Айыл жергесинде таза суу көйгөйү толук чечиле элек. Бул – элдин жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен негизги маселе. Ошондуктан инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарыл деп эсептейм.
— Мандаттын жоопкерчилигин толук сезип жатасызбы, же жаштыктын деми сизге көбүрөөк күч берип жатабы?
— Экөө тең бар деп айта алам. Биринчиден, мандаттын жоопкерчилиги абдан күчтүү сезилет. Ар бир кадамың, ар бир айтканың коомчулуктун көз алдында турат. Ошондуктан жүрүм-турумубузга, коомдогу позициябызга, социалдык тармактардагы активдүүлүгүбүзгө чейин жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек. Мыйзам бузууга жол бербөө, эл ишенимин актоо – негизги милдет. Бул жагынан мандаттын жоопкерчилигин толук сезип, өзүмдү татыктуу алып жүрүүгө аракет кылып жатам. Ошол эле учурда жаштык деми да чоң күч берет. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып келишимде жаштыктын энергиясы, дем-күчү маанилүү роль ойноду деп ойлойм. Эгер жашым өтүп калган кезде шайлоого чыгуу сунушталса, балким “тынч эле жүрөйүн” демекмин. Ал эми жаш кезде максимализм деген чоң күч болот – ал байлыкка же бийликке эмес, идеяга, максатка умтулат. Бүгүнкү аракеттерибиз да ошол жаштыктын деми менен алдыга жылып жатат деп эсептейм.
— Жаш депутат катары парламентте жаштардын үнүн канчалык деңгээлде жеткирип жатасыз?
— Колдон келишинче аракет кылып жатам. Жогоруда айткан демилгелерим жаштардын үнүн жеткирүүгө болгон аракетимдин бир бөлүгү. Парламентте көтөргөн сунуштарымдын көбү түздөн-түз жаш муунга тиешелүү. Мисалы, айрым аймактарда мектеп же бала бакчанын курулушу башталып, бирок каржылоо жетишпей токтоп калган учурлар бар. Мындай объекттерди кайрадан мамлекеттик бюджетке киргизип, курулушун улантуу боюнча сунуштарды берип келем. Ошондой эле жаңы курулуштарды да пландуу түрдө баштоо зарыл экенин айтып жатабыз.
— Жаштар саясаты кайсы жагынан аксап жатат деп ойлойсуз?
— Ачыгын айтканда, жаштар саясаты жалпы деңгээлде эле аксап жатат деп эсептейм. Кыргызстанда 2,5 миллионго жакын жаштар бар. Бирок ушундай чоң аудитория менен системалуу иш жүргүзгөн кызматкерлер өтө аз. Азыр жаштар саясаты КРнын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин курамында гана жүргүзүлөт. Анын ичинде жаштар боюнча атайын башкармалык бар, бирок анда болгону жети кызматкер иштейт. 2,5 миллион жаштарга жети адам менен толук кандуу саясат жүргүзүү жетишсиз. Жаштар менен иш кагаз жүзүндө эмес, аймак-аймакка жеткен, идеологиялык жана практикалык багыттагы иштерди талап кылат. Биз коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын дагы изилдедик. Мисалы, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Грузия сыяктуу мамлекеттерде жаштар саясаты өзүнчө комитет же агенттик деңгээлде иш алып барат. Ошондуктан биз дагы Президенттин алдында өз алдынча Жаштар агенттигин түзүү демилгесин көтөрүп жатабыз.
— Чет өлкөдө окуп жаткан жаштарга кайрылууңуз?
— Чет өлкөдө билим алып жаткан жарандарыбызды Кыргызстан үчүн чоң инвестиция деп эсептейм. Анткени, алар алган билим, топтогон тажрыйбасына эртеби-кечпи мекенибизге кызмат кыла турган баалуу капитал. Мен өзүм да убагында чет өлкөдө окуп, тажрыйба топтоп келгем. Ошондуктан сыртта окуп, иштеп жүргөн жаштарды жакшы түшүнөм. Кайсы деңгээлге жетпесин, кайсы өлкөдө жүрбөсүн, ар бир кыргыз жаранынын жүрөгүндө мекенге болгон сүйүү, сагыныч жашайт. Жаштарыбыз сөзсүз түрдө Кыргызстанга кайтып келет деген ишеничтемин.
Чынара Калматова