Таэквондочулардын акчасын алдаган деген шек менен аял кармалды

5-август, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 94

Бишкек шаардык милициясы Таэквондо ГТФ федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшаиховдун кайрылуусунун негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү кармалганын билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, 4-августта Биринчи май РИИБге 25тен ашык адам арыз менен кайрылган. Алар 33 жаштагы С.Н. аттуу аял авиабилет алып берүү убадасы менен акча алып, милдетин аткарбай алдап кеткенин билдиришкен.

Алдын ала эсеп боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгым 2 миллион 100 миң сомду түзөт. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.

Эске салсак, 4-августта Таэквондо ГТФ федерациясынын вице-президенти Сардор Рахимшаихов видео кайрылуу жасап, улуттук курама команданын мүчөлөрү Монголияда өтө турган Азия чемпионатына уча албай калганын билдирген. Анын айтымында, авиабилеттер үчүн акча толук төлөнгөнү менен билеттер алынган эмес.

Ушундан улам ал коомчулукка жана бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, спортчуларды мелдешке жөнөтүүгө жардам берүүнү сураган.

5-август, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 94
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X