"Эркин-Тоо"

Тайлаков: Көмүрдүн баасы кыйла төмөндөдү

Көмүрдүн баасы кыйла төмөндөдү. Сырттан импорттолуп келген көмүрдүн баасы учурда 4500 сомдон болууда. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков маалымат жыйында билдирди.

“Кечээ жумушчу топ менен биздин кызматкерлер Бишкектеги көмүр саткан кампаларды кыдырып чыгышты. Ишемби күнү өзүм дагы кыдырып, карадым. Бүгүнкү күндө көмүргө болгон баа салыштырмалуу кыйла төмөндөдү. Алсак, кампалардагы импорттук көмүрдүн баасы 4 миң 500 сомдон аша элек. Буга чейин жергиликтүү көмүр 5 200 — 5 300 сомдун айланасында сатылып жаткан. Учурда 4 миң 800 сомго түштү. Бир жуманын ичинде анын баарын иретке келтиребиз”, — дейт Тайлаков.

Тайлаковдун айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан көмүр саткан жайларга бааны төмөндөтүү боюнча талаптар коюлган, баш ийбегендерге чаралар колдонулмакчы.

Пример HTML-страницы