"Эркин-Тоо"

Такси каттамдары автобекеттерден гана жолго чыга алышат

Мындан ары такси каттамдары автобекеттерден гана жолго чыгышат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

ЖКККББ кызматкерлери Президенттин жарлыгына ылайык, Бишкек шаарынан башка аймактарга каттаган маршруттук таксилердин каттамын автобекеттерде гана жүргүзүүнү ишке ашырууда.

«Мунун алкагында Ош базардын тегерегиндеги баш аламан орун алган такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, автобекеттин ичинен орун берип, киргизилүүдө. Анткени, сыртта өз алдынча каттамга чыккан такси кызматтарына көзөмөл жок болуп, алар каалаган учурда бир сутка ичинде эки жолу каттамга чыгып, чарчаңкы абалда унаанын техникалык абалына көңүл бурулбай, айдоочу өзү уктап кетип, жол кырсыктарына кабылган фактылар кездешүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми автобекетте алыскы аймактарга каттаган таксилерге көзөмөл жүргүзүлүп, кезек-кезеги менен каттамга чыгарылып, бардыгы атайын журналга катталып, унаалардын техникалык абалына да көзөмөл жүргүзүлүп турат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!