Такси кызматын лицензиялоо эмне үчүн керек жана кандай талаптар бар?
Республикабызда жүргүнчү ташуу кызматын тартипке келтирүү жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатында такси айдоочуларына лицензия алуу милдеттүү болуп калды. 1-июлдан тарта лицензиясы жок жүргүнчү ташыган айдоочулар мыйзам бузган катары эсептелип, айып пулга тартылууда. Бул тартиптин аткарылышын камсыздоо үчүн өлкө боюнча жол кайгуул кызматы рейддерди күчөтүп, таксисттердин документтерин жана уруксат кагаздарын тыкыр текшерип жатат.
Эмне үчүн лицензия талап кылынат?
Лицензиянын негизги максаты – жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана такси кызматын мыйзам чегинде жүргүзүү.
Ал төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:
- такси айдоочуларын атайын тизмеге киргизип, алардын иш убактысын көзөмөлдөө;
- чарчап унаа башкаруунун кесепетинен келип чыккан жол кырсыктарын алдын алуу;
- тармактагы мыйзам бузууларды жана мүмкүн болуучу кылмыштарды азайтуу;
- такси кызматын белгиленген талаптарга жооп берген айдоочулар гана көрсөтүүсүн камсыз кылуу.
Эмне үчүн лицензия жыл сайын жаңыланат?
Лицензия бир жылдык мөөнөткө берилет, анткени айдоочунун ден соолугу жана жүргүнчү ташууга жарамдуулугу үзгүлтүксүз текшерилип турушу керек.
Бир жыл ичинде айдоочунун:
- жол кырсыгына кабылышы;
- ден соолугунун, көрүүсүнүн начарлашы;
- же башка коопсуздукка таасир эткен жагдайлар болушу мүмкүн.
Ошондуктан жыл сайын медициналык кароодон өтүп, талаптарга жооп берген айдоочуларга лицензия жаңыртылат.
Лицензия алуу үчүн талап кылынган документтер:
- паспорттун көчүрмөсү;
- айдоочулук күбөлүк;
- транспорт каражатынын техпаспорту;
- ишеним кат (зарыл болсо);
- мамлекеттик алымдын төлөнгөнү (500 сом);
- ОСАГО жана ОСГОП камсыздандыруу полистери;
- автоунаанын техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу акт;
- таксопарк менен келишим (эгер бар болсо);
- №083 медициналык маалымкат;
- соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымкат;
- патент.
Жоопкерчилик
Лицензиясыз жүргүнчү ташуу мыйзам бузуу болуп саналат.
Мындай учурда:
- жеке жактарга — 7 500 сом;
- юридикалык жактарга — 23 000 сом өлчөмүндө айып пул салынат.