Таксиге лицензияны эми «Түндүк» аркылуу алууга болот

22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 217
Кыргызстанда бүгүнтөн тарта таксиге лицензияны “Түндүк” тиркемеси аркылуу алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Өлкөдө 2025-жылдын августунан тартып такси кызматын көрсөткөн айдоочуларды лицензия алууга милдеттендирген жана оң рулдуу машине менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.
Баштапкы план боюнча лицензиялар 2025-жылдын аягына чейин гана берилмек. Бирок жарандардын кайрылууларын эске алуу менен таксиге лицензия берүү мөөнөтү ушул жылдын 1-июлуна чейин узартылган.
22-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 217
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X