Талант Эралиев: “Жүрөк ооруларын эрте аныктоо – чараларды көрүүнү тездетет”
Талант мырза, башкы борборго сиз жаңы жетекчи болуп келгениңизге 2 айдан ашты. Буга чейин кайсы жерлерде эмгектенгенсиз?
— Өзүм тууралуу айтсам, Санкт-Петербург шаарындагы С.М.Киров атындагы Аскердик медициналык академиясын бүтүргөм. 7 жыл билим алгандан кийин Новосибирск шаарынан ординатураны аяктап, илимий ишимди жактадым. Көп жыл бою аскер госпиталында эмгектендим. Майор аскердик чиндин ээсимин. Мындан тышкары биздеги жеке менчик клиникаларда иштедим. Ушул жылдын 23-январында М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда директорлук ишим башталды.
— Борбордо тез арада чечүүчү кайсы көйгөйлөр бар экенин байкадыңыз?
— Алгач эле, Улуттук кардиология жана терапия борборунун жалпы ишине анализ жүргүздүм. Борбордо буга чейин жасалган иштер жаман эмес экен. Бул жерде көңүл бура турган негизги маселе – борбордун капиталдык оңдоо иши. Анткени, 2024-жылы оңдоо иши башталып, аны 2025-жылдын ноябрь айында бүткөрүү пландалган экен. Бүгүнкү күнгө оңдоо жумуштарынын 50%ы гана бүткөн. Оңдоо ишинин кечигип жатканына финансы, подрядчик ишканалардын иш алып барганы себеп болгон. Мындан улам, оңдоо ишин бүтүрүү зарыл. Ооруканадагы дагы бир маселе, бейтаптын медициналык тарыхын берүү тартибине байланыштуу. Бүгүн дарыгер бир бейтаптын медициналык тарыхын үч багытта жазат. 1) мурдатан жазылып келген медициналык маалыматтык система менен берилип келет; 2) кагаз түрүндө; 3) санарип клиника, электрондук түрдө жазылат. Ошондо, бир эле бейтаптын маалыматы үч жерге жазылат. Бул жумушту аткаруу дарыгерлердин көп убактысын алат. Ушул көйгөйдү чечүү маанилүү болуп турат. Мындан сырткары биздин борбордун бейтапканасына кайрылган бейтаптардын кезегин электрондоштуруу, бейтапка тез, ыңгайлуу шартты камсыздоо үчүн адистер иш алып барууда.
— Акыркы убактарда региондорго ангиограф аппараттары коюлууда. Бүгүн өлкө боюнча канча жерде коюлган? Аппараттын жардамы менен жүрөк ооруларын эрте аныктоого болобу?
— Бул аппараттар бейтаптын жүрөк оорусу кармап калганда, инфаркт же инсульт коркунучунда шашылыш жардам көрсөтүүдө алмаштыргыс курал болуп саналат. Бүгүнкү күндө жүрөк дартына жардам көрсөтүү Бишкектен тышкары, Ош, Жалал-Абадда жарым-жартылай жеткиликтүү. Жакында жүрөк ооруларын аныктоо жабдыктары 3 жерге – Талас, Балыкчы Нарынга коюлду. Мамлекет түзүп жаткан бул шарттар бейтаптарды акыркы технологиялар менен жүрөк ооруларын эрте аныктап, зарыл болгон чараларды көрүүнү тездетет. Мурдараак бейтаптар борборго келип көрүнгөнгө шашылышчу. Ангиограф аппараты кан тамырларды (артерия, вена) жана жүрөк көңдөйлөрүн рентген нурларынын жардамы менен жогорку тактыкта сүрөткө тартып, изилдөөчү жогорку технологиялык санариптик медициналык аппарат. Ал тамырлардын абалын, башка патологияларды аныктоо жана дарылоо (ангио-графия) үчүн колдонулат. Бул жабдыктар бейтаптарга абдан керек.
— Жүрөк ооруларына жана терапияга адистешкен негизги мамлекеттик борбордун бейтаптардын ден соолугуна кам көрүү күчү канчалык?
— Борбордо заман чакырыктарына шайкеш тез кадамдар жасалып жатат. Бирок, бул жетишээрлик эмес. Ооруканада жалпы 12 бөлүм бар. Мисалы, нефрология бөлүмүндө жалгыз гемодиализ жабдыгы иштейт. Бөлүмдү жаңылап, 10го жакын гемодиализ жабдыктарын орнотууну пландап жатабыз. Мында программалык гемодиализ ишин жандатсак жакшы болмок. Ошондой эле гастроэнтерология бөлүмү да иштейт. Бүгүн дүйнө жүзүндө ашказан ооруларын жаңы ыкмалар менен текшерүү күчөтүлгөн. Мындай текшерүүлөр биздин борбордун чегинде да ишке киргизилиши зарыл. Пульмонология бөлүмүбүздө да жакшы иштер бар. Аны да күчөтүү мезгил талабы болуп турат. Ал эми жүрөк ооруп калса 2 саат ичинде жогорку технологиялык жардам берилиши керек. Бул эл аралык стандарт болуп саналат. Негизинен өлкө боюнча жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо жеткиликтүү. Кан басым оорулары XXI кылымдын чумасы десек болот. Анткени, оору күн өткөн сайын жашарууда. Кыргызстандагы көрсөткүч боюнча айтсам, көбүнчө 40, 50, 70 жаштагылар жабыркоодо. Тилекке каршы, 25-40 жаштагылар дагы инфарктка кабылып калууда. Кан басым айрым учурда башка дарттарды, көз ооруларын, инфаркт, инсультту пайда кылат. Андыктан дартты алдын алуу үчүн кыймыл аракет, туура тамактануу, туздуу, таттуу тамак-аштарды чеги менен колдонуу маанилүү. Энергетикалык суусундуктар, эмоциялык абал да кан басым ооруларынын себепчиси болот.
— Инфаркт оорусу күтүүсүз кармап, бейтаптын ден соолугуна залакасын тийгизет эмеспи. Мындай оор шартта мамлекет кол сунуп, бейтаптардын дарылануусун каржылап келет. Жылына канча бейтап мамлекеттен акысыз жардам алат?
— Тилекке каршы, инфаркт күтүүсүз кармаган дарт. Мындай учурларда бейтапка жардам берүүнү тездетүү зарыл. Ал эми расмий маалыматка таянсам, мамлекеттин эсебинен жылына 1300 адамга бекер стент коюлат. Андан тышкары 200 адамга электрокардиостимулятор аппараты тагылат. Анын орточо баасы 2000 долларды түзөт. 200дөн ашуун адамга радиожыштык (RF) кардиохирургиялык аппараттар коюлат. Мурдараак, буга чейин мамлекеттен мындай каржылоо жөн гана кыял бойдон болчу. Азыр болсо иш жүзүндө ишке ашууда. Келечекте, борбордо кардиохирургиялык гибриддик операция бөлүмү ачылуусу күтүлүүдө. Ал ишке ашса, көптөгөн оор бейтаптардын жүрөгүнө операция жасалып, жардамдар көрсөтүлөт.
— Акыркы жылдары жүрөккө стент коюу басымдуу экени байкалат. Бейтапка стент кандай учурда коюлат?
— Стент металл десек болот. Кайсы учурда коюлат? Жүрөккө кан агымын жеңилдетүү үчүн коюлат. Стент коюлганда кан тамыр кеңейет. Ал жүрөктүн иштешин камсыз кылат, жеңилдетет. Бул ыкма дүйнө жүзүндө алгачкы жолу 1978-жылы немис окумуштуусу ойлоп таап, Америкада алгачкы бейтапка стент коюлган. 1985-жылдары бир нече өлкөлөрдө колдоно баштаган. Бейтапка канча стент коюу анын ден соолугунан көз каранды. Дарыгерлер бир нече текшерүүдөн кийин чечим кабыл алышат.
— Бизде стент коюу жеткиликтүүбү?
— Стент коюу Кыргызстандын медицинасында 1996-жылдардан тартып колдонула баштаган. Мурдараак жүрөккө стент биздин борбордо гана жасалчу. Баасы да кымбатыраак болчу. Ал эми учурда Кыргызстанда мамлекеттик, жеке менчик жалпы 21 стент коё турган клиникалар иштейт. Бул жакшы көрүнүш. Анткени, жогорку техникалык жабдуулар жеткиликтүү болуп калды. Баалары болсо ар түрдүү. Мунун арты менен канчалаган адамдар ооруларынан сакайып, жардамы тийүүдө десек болот.
— Сиздерде дарыгерлер жетиштүүбү?
— Учурда биздин борбордо 700гө жакын кызматкер адам саламаттыгына кам көрүшөт. Ага карабастан, бул жерде кадр көйгөйү бар. Анткени, тажрыйбалуу, өз ишин мыкты билген ак халатчандар жеке менчик клиникаларга которулуп кеткендиктери түйшөлтөт. Дарыгерлердин айлыгын көтөрүү багытында Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы чыкты. Анын алкагында апрелден тарта эмгек маяна көтөрүлгөнү турат. Дарыгерлер бул жаңылыкты абдан күтүп жатышат.
Мээрим Бактыбек кызы