Талап бар, ал кагазда калбашы керек
“Эркин-Тоо” гезити мамлекеттин расмий үнүн жеткирген, мыйзамдар менен маанилүү чечимдерди коомчулукка тааныткан мамлекеттик басылма. Анда өлкө үчүн маанилүү мыйзамдар, Президенттин жарлыктары, Министрлер Кабинетинин токтомдору жана мамлекеттик чечимдер расмий жарыяланып турат. Ошондуктан, ага жазылуу маселеси да жөнөкөй өнөктүк катары каралбашы керек деген ойдобуз. Министрлер Кабинетинин атайын тескемеси менен мамлекеттик жетекчилерге “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитке жазылууну уюштуруу милдети жүктөлгөн менен ушул кезге чейин бул багытта ич жылытаарлык жылыштар болбой жаткандыгы өкүндүрөт. Гезит тарабынан жазылуу тууралуу жарыялар үзгүлтүксүз берилип, тиешелүү мекемелерге каттар да жөнөтүлүп келет. Бирок, тескеме бар туруп, жооптуу жетекчилер тарабынан жазылуунун жай жүрүшүнүн себеби эмнеде болуп жаткандыгы түшүнүксүз. Жазылуу өнөктүгү кызуу жүрүп жаткандай көрүнгөнү менен айрым аймактардагы көрсөткүч көңүл жылытарлык эмес. Маселен, Бакай-Ата районунда болгону 2, Сүлүктүдө 1, Майлуу-Сууда 11 гана адам жазылуу кылган көрсөткүчтөр көп райондордо бар болууда. Айрым шаар, райондордо: Балыкчы шаарында-19, Москва-23, Сокулук-27, Кочкор-29, Аламүдүн-29. Жогоруда аты аталган ири райондордогу мекеме-ишканалардын бир катары 1да нуска гезитке жазылбаганы ачык эле көрүнүп турат. Бул ушул райондордун акимдери, айрым шаар мэрлери “МКтинин тескемеси чыгыптыр” деп көңүл буруп койбогон кайдыгерликтеринин эле натыйжасы. Эң өкүнүчтүүсү, жазылуунун башындагы көрсөткүч менен азыркы көрсөткүчтүн ортосунда олуттуу жылыш байкалбай жаткандыгы. Ошол эле учурда айрым аймактардын тажрыйбасы көңүл бурууга арзыйт. Маселен, Талас облусунда Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жүргүзүлгөн иштер мамлекеттик чечимдерди аткарууга жоопкерчиликтүү мамиле жасоонун үлгүсү катары баалоого болот. Өлкөдөгү калкы жана аймагы жагынан чакан облустардын бири болгонуна карабастан, Таластагы жазылуу көрсөткүчтөрүнүн жогору болушу, тиешелүү жетекчилердин уюштуруучулук аракеттеринин маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Бул жерде маселе гезиттин санына барып такалбайт, муну ачык айталы. Негизги маселе мамлекеттик жетекчилердин Министрлер Кабинетинин чыгарган чечимдерине болгон мамилесинде болууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги №327-т тескемесинде 2026-жылга мамлекеттик басылмаларга борборлоштурулган жазылууну уюштуруу жана камсыз кылуу боюнча так милдеттер белгиленген эле. Анда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери, министрлер, административдик ведомстволордун жетекчилери жана алардын орун басарлары, облустардагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана алардын орун басарлары, район акимдери, айыл өкмөт башчылары, мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана алардын орун басарлары, ошондой эле мамлекеттин үлүшү бар акционердик коомдордун жетекчилери сыяктуу кызмат адамдары так көрсөтүлгөн.
Тескеменин талаптарын аткаруу алардын тандоосу же каалоосу эмес, кызматтык милдети болуш керек эле. Анын үстүнө аталган документте борборлоштурулган жазылуу өнөктүгүн талаптагыдай уюштуруу жана өткөрүү үчүн жоопкерчилик да так белгиленген. Анда жазылууга милдеттүү жетекчилер көрсөтүлүп турганда, эмне себептен айрым жерлерде көрсөткүчтөр ушунчалык төмөн бойдон калууда деген суроо мыйзам ченемдүү жаралат экен.
“Эркин-Тоо” гезити Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-июнундагы №355 токтому менен анын мамлекеттик расмий гезит катары макамы белгиленген. Гезитте Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Президенттин жарлыктары, Министрлер Кабинетинин токтомдору жана башка маанилүү ченемдик укуктук актылар байма-бай расмий жарыяланып турат. Мамлекеттик органдардын чечимдери, реформалар, өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык жана маданий маанилүү окуялар да коомчулукка ушул басылма аркылуу жеткирилет. Ошондуктан, мамлекеттик жетекчи үчүн “Эркин-Тоо” гезитине жазылуу баягы бир кездеги катардагы жаңылык жазылган гезит катары кабыл алуу туура эмес. Билгенге, гезит аркылуу мамлекетте кабыл алынып жаткан чечимдерден өз убагында кабардар болуу, мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү билүү жана ошол маалыматтын негизинде иш алып баруу дегенди түшүндүрөт. Жетекчи өзү тиешелүү мыйзамды, токтомду, жарлыкты өз убагында билбесе, карамагындагы кызматкерлерге тапшырманы кандай негизде туура коё алат эле? Мамлекеттик башкаруудагы ырааттуулук, биринчи кезекте, маалыматтан жана жоопкерчиликтен башталаарын, адатта ар бир жетекчи эсине ала бербегени, мыйзам менен иш алып барууга болгон жоопкерчиликтин жоктугу экенин көрсөтүп калбайбы деген ойду айтууга аргасыз болосуң. Гезит тарабынан ар бир санда жазылуу индекстери жарыяланып, тиешелүү мекемелерге атайын каттар жөнөтүлүп, айрым жетекчилер менен жекече сүйлөшүүлөр да жүргүзүлүп жатканын ачык айтып, алардын айрымдарынын өз кызматына так жана милдеттерин туура билгендигин белгилөө менен кээ бир жетекчилердин кенебестиги менен өз милдеттерине шаалаакы мамиле кылып жаткан биринчи кадамы дал ушул жерде ачык эле көрүнүп калгандыгын да белгилегибиз келет.
Эми негизги жоопкерчилик тескемеде көрсөтүлгөн жетекчилердин өзүндө турат. Мамлекеттик бирдиктүү саясатты колдоо, жогорку жактан чыккан чечимди сөз жүзүндө эле кубаттап коюуда турбайт, аны жеринде так жана өз убагында аткарууда турат. Тескеме чыгарылдыбы, аткарылышы керек. Ооба, “жазылып койдук” деп бир мекеме 1-2 нускамага формалдуу жазылып койгону менен ошол аз сандагы гезитке чыккан өз убагында окуп, билип аткарууга милдеттүү болгон жарлык, мыйзам, токтомдор баарына бирдей тегиз жетип жатабы, ал өзүнчө маселе болуп калууда. Анткени, мамлекеттик башкаруудагы чоң тартип дал ушундай көрүнүштөрдөн байкалат эмеспи.
Андыктан, Министрлер Кабинетинин №327-т тескемесинде милдети так көрсөтүлгөн жетекчилер бул маселеге кайдыгер карабай, жазылууну талаптагыдай уюштурууга эми да болсо бел байлап коюулары туура кадам болот. Дагы бир баса белгилеп айта кетейин, “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезит. Аны окуу жана андагы маанилүү маалыматтардан өз убагында кабардар болуу мамлекеттик кызматтагы ар бир жетекчинин жана кызматкердин ишине түздөн-түз байланышкан жоопкерчилик деп олойбуз.
Тескеме бар, талап бар, жооптуу жетекчилер так көрсөтүлгөн, анда эмнеге жазылуу кашаң жүрүшү керек?
Күнболот Момоконов