Талапкерди үгүттөгөн аткаминер кызматтан кетет

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90

Кыргызстанда алдыдагы президенттик шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүлүп жаткан чакта шайлоонун таза, эркин жана ачык-айкын өтүшү кайрадан күн тартибине чыкты. Президент Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоону мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койду.

Жарлыктын негизин, шайлоого катышкан бардык талапкерлер үчүн бирдей шарттарды, жарандардын өз тандоосун эркин жасоосуна мүмкүнчүлүк берүү түзөт. Президент өз жарлыгында мамлекеттик органдар тарабынан административдик ресурсту пайдаланууга жол бербөөгө басым жасаганын айта кетүү керек.

Маселен, мектеп мугалимдерин, жогорку окуу жайлардын окутуучуларын жана студенттерди, дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди же башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин белгилүү бир талапкерди колдоп үгүт жүргүзүүгө мажбурласа, мамлекеттик мекеменин жетекчиси кызматкерлерине белгилүү бир талапкердин жолугушуусуна барууну талап кылса же мекеменин мүмкүнчүлүгүн пайдаланып үгүт иштерин уюштурса, мындай аракеттер шайлоо мыйзамдарынын талаптарына каршы келет.

Мындай учурлар аныкталса, тиешелүү кызмат адамдарына тартиптик чара көрүлүп, зарыл болсо кызматтан бошотууга чейин чара колдонулат.

29-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 90
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X