Талас: Күрөөкананын ээси жарандардан алган мүлктөрдү кайра кайтарды

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13

Талас шаарында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдөн кийин «Орозалы» күрөөканасы мурда мыйзамсыз ээленген кыймылсыз мүлктөрдү жарандарга ыктыярдуу түрдө кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаардык башкармалыгы, Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Натыйжада Талас районундагы турак үйүнүн мурдагы ээси – карыз алуучу турак жайын кайра алган. Ошондой эле 10 жаранга күрөө катары өткөрүлгөн кыймылсыз мүлктөрдүн документтери кайтарылып берилди.

Мындан тышкары, күрөөкананын жетекчилиги 2024-жылдын жай айларынан бери жылдык 30 пайыздан жогору мыйзамсыз эсептелген ашыкча пайыздарды карыз алуучуларга кайтарып берүүгө даяр экенин билдирген.

«Жарандар маселелерди мыйзамда белгиленген тартипте жөнгө салуу үчүн кайрыла алышат.
Уюм жабыркаган жарандардан кечирим сурап, мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде гана иш алып барууга милдеттенди», – деп жазылат маалыматта.

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 13
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X