Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй берилди

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 55

Бүгүн, 24-февралда Талас шаарында Талас облустук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн 32 батирлүү 4 кабаттуу үйдүн ачылыш аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарада башкы прокурор Курманкул Зулушев прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин белгиледи.

Иш-чарага облустук прокуратура органдарынын жетекчилиги, ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Аймак 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X