Талас облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

24-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 24-мартта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас Ордо улуттук комплексин реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, 1 млрд 300 млн сомго жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринен кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин адамды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Курулуш иштерин ушул жылдын июль айында аяктоо пландалууда.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Касымалиев Талас облустук юстиция башкармалыгынын жаңы административдик имараты — “Юстиция үйүн” ачты. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган бул имарат заманбап шарттар менен камсыздалып, пайдаланууга берилди.

Мындан тышкары, МинКаб башчысы Талас шаарында курулуп жаткан бир катар социалдык объектилер менен да таанышты. Алардын катарында 6,5 гектар аянттагы “Баластан” балдардын оюн-зоок борбору, 63 орундуу перинаталдык борбор жана борбордук стадион бар.

Маалыматка ылайык, перинаталдык борбор Германиянын каржылык колдоосу менен курулууда. Ал эми стадион быйыл эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилет.

Ошондой эле “Акылман” президенттик лицейинин имаратынын, борбордук мечиттин жана шаардык парктын курулуш иштери каралып, бардык объектилерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

24-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X