Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүүчү өнөр жай комплексин куруу пландалууда
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын алкагында бүгүн, 11-сентябрда, «Манас Ордо» улуттук комплексинде Талас облусунда бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү боюнча инвестициялык долбоорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу ниети жөнүндө меморандумга кол коюу аземи өттү.
Документке Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков менен Казакстандын “QAZAQ BITUM Processing” компаниясынын директору Ержан Бейсебаев кол коюшту.
Меморандумда түз айдалган бензинди жана дизелдик фракцияны кошумча иштетүү, ошондой эле полимер менен модификацияланган PG битумун өндүрүүчү өнөр жай комплексин куруу долбоорун даярдоо боюнча кызматташууну каралган.
Долбоорду ишке ашырууга салынуучу инвестициялардын болжолдуу көлөмү 350 млн АКШ долларын түзөт.
Долбоор инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга, ички өндүрүштү кеңейтүүгө, импортту алмаштырууга, ошондой эле Талас облусунун өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.