Талас облусунда мектеп курулушунда 4,2 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды
Талас облусунун прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Айтматов районундагы “Айтбаев” атындагы орто мектептин курулушунда олуттуу мыйзам бузуулар катталганы белгилүү болду.
Маалыматка ылайык, Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары аткарылбаган курулуш иштерин кабыл алып, расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Натыйжада подряддык уюмга бюджеттик каражаттар негизсиз түрдө — жалпы 4 млн 200 миң сом өлчөмүндө — төлөнүп берилген.
Бул факты боюнча Талас облусунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.