Талас облусунда мектептер онлайн окууга өтөт

30-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 21

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Талас облусундагы координатору Айжамал Шамбетова билдирди. Анткени, облустагы эки мектептин мугалиминен коронавирус илдети тастыкталган. “ Талас облусундагы мектептер 3-майдан 10-майга чейин аралыктан билим алууга өтүшөт. Мындай чара мектептерде ооруунун учурлары катталганына байланыштуу кабыл алынган чечим болду. Ал эми 1 жумадан соң сабактар кандай уланаары эпидемиологиялык абалга жараша болот”, — дейт А.Шамбетова.

Мээрим Бактыбек кызы

30-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X