Талас: Жаңы оорукана куруу маселеси көтөрүлдү

24-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 20

Бүгүн, 24-мартта, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Талас облусуна болгон иш сапары учурунда 300 орундуу жаңы оорукана куруу зарылдыгы айтылды.

Облустук биргелешкен оорукананын өкүлдөрү учурда мекеме үч башка жерде жайгашып иштеп жатканын айтып, бул дарыгерлер үчүн да, бейтаптар үчүн да бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатканын билдиришти. Айрыкча дары-дармек, тамак-аш жеткирүү жана бөлүмдөр ортосундагы байланыш көйгөйү бар экени белгиленди.

МинКаб төрагасы бул маселени эске алып, бир жерде баары камтылган заманбап оорукана куруу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берди.

24-март, 2026-ж. / Редакция / Аймак 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X