Таласка 30 заманбап электробус алып келинет
Талас облусу жакынкы күндөрү жаңы заманбап коомдук транспорт менен камсыздалат. Облуска 30 электробус сатып алуу пландалып жатканын облус жетекчиси Эрмат Жумаев социалдык баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун негизинде ишке ашырылууда. Талас шаарынын жана аймактардын тургундарын сапаттуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында Кытайдын «Yutong» компаниясынан 30 заманбап электробус лизинг жолу аркылуу алынат.
Долбоорду ишке ашырууга президент тарабынан 180 миллион сом каражат бөлүнгөнү маалымдалды. Жаңы электробустар толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин токтобой жүрө алат.
Ошондой эле атайын жумушчу топ электробустарды тест-драйвдан өткөрүп, алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү, сапаты жана ыңгайлуулугу ыңгайлуулугу менен таанышкан. Маалыматта электробустардын заманбап шарттары жана экологиялык артыкчылыктары жогору бааланганы айтылат.
Алдын ала маалымат боюнча, тиешелүү келишим жакынкы күндөрү түзүлүп, эки айдын ичинде 30 электробус Талас облусуна жеткирилет. Жаңы транспорт каражаттары өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата элге салтанаттуу түрдө тапшырылары күтүлүүдө.
Долбоор аймактагы коомдук транспорт системасын жакшыртып, тургундардын жол жүрүү шартын жеңилдетүүгө багытталган.