Таласка альтернативдүү жол куруу маанилүү
Жол деген адамдарды жакындаткан, аймактарды бириктирген, экономиканы кыймылга келтирген, туризмди өнүктүрүп, улуттук коопсуздукту бекемдей турган негизги тармак. Дүйнөдөгү кайсыл гана мамлекет болбосун, өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн бири мына ушул автотранспорттук инфраструктурасы болуп саналаары талашсыз.
Акыркы жылдары Кыргызстанда жол тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканы кубандырат. Президент Садыр Жапаровдун жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатынын жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган иштеринин натыйжасында өлкөбүздүн жол тармагында олуттуу өзгөрүүлөр болуп, көптөгөн ири автожолдор жаңыланып, жаңы көпүрөлөр курулуп, аймактардагы жолдор оңдолууда. Бул мамлекеттин мүмкүнчүлүгү жылдан-жылга өсүп бара жатканын көрсөтөт. Бирок, дагы эле стратегиялык мааниге ээ болуп туруп, чечилбей келе жаткан маселелер бар. Алардын бири Талас облусуна альтернативдүү жол куруу.
Бүгүнкү күндө Талас облусу өлкөнүн башка аймактары менен негизинен Бишкек — Ош жолу аркылуу, “Төө-Ашуу” жана “Өтмөк” ашууларын ашып гана байланыш түзө алат. Бул жол жыл сайын миңдеген адамдарды тейлегени менен кыш мезгилинде кээде кар көчкү, жол тайгалагы, катуу шамал жана жол тыгындары сыяктуу маселелер менен жол жүргүнчүлөрүнө чоң түйшүк жаратат.
Жаңы демилге эмес, көп жылдан берки муктаждык
Таласка альтернативдүү жол куруу тууралуу идея бүгүн гана айтылып жаткан жок. Бул демилге совет мезгилинен бери көтөрүлүп келе жаткан маселе. Тарыхый маалыматтарга ылайык, ошол кездеги мамлекеттик жетекчилердин бири Султан Ибраимов кызмат учурунда “Ашуу-Төр” жайлоосу аркылуу Талас-Бишкек багыты боюнча жол куруу мүмкүнчүлүгүн карап, планы, жолдун өтө турган жери менен да таанышкан жайы бар экен. Кийинчерээк Талас облусун жетектеген Кеңеш Карачалов дагы бул каттамды жеринен көрүп чыгып, долбоордун оор экенин, бирок маанилүүлүгүн белгилегени менен ошол мезгилдеги финансылык мүмкүнчүлүктөр жетишсиз болуп калган дешет. Кийинки жылдары дагы коомдук ишмерлер, аксакалдар дагы альтернативдүү жол боюнча бир нече жолу жетекчилерге кайрылууларды жасап келишкен. Алардын негизги жүйөсү жөнөкөй эле болуп, коопсуз, кыска жана үзгүлтүксүз байланыштырган дагы бир жол керек экенин айтышкан.
Бүгүн дагы бул сунуш депутат Бактыбек Чойбеков тарабынан да көтөрүлүп жатат. Демек, жергиликтүү эл тарабынан дагы бул жолдун маанилүүлүгү айтылып, эгер жол курулуп калса эки ашуу ашпай түз эле борборго 100 чакырым жол кыскарып кирип барышаарын алар деле баамдап жатышса керек. Эми муну транспорт тармагынын адистери карап, курууга мүмкүнчүлүктөрдү айтышаар. Ал эми өкмөт анын эл үчүн, мамлекет үчүн пайдалуулугу арбын болсо, аны жолго калтырбаса керек. Албетте, жол куруу деле оңой оокат эмес. Бир топ каражатты, анын эртеңки тейлөөсү деле бир топ машакатты алат. Ошентсе да, экологиялык жактарын, жайыт маселесин кошпогондо пайдалуу жагы көп эле болмок.
Эмне үчүн пайдалуу болмок? Биринчи кезекте, баарысы үчүн маанилүү болгон убакыт үнөмдөлөт. Жаңы жол эки чоң ашууну айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, жол аралыкты жана күйүүчү май чыгымдарын кыскартат. Күйүүчү майдын баасынын улам күн жаңыртып көтөрлүп бара жатышы, элдердин чөнтөгүнө түшкөн бир топ чыгымды жогорулатууда. Экинчиден, логистика жеңилдемек. Талас айыл чарбасы өнүккөн аймак болгондуктан, картошка, төө буурчак, эт, сүт азыктары жана башка продукциялар өлкөнүн бардык аймактарына ташылат. Жакшы жол дыйкан менен ишкердин чыгымын азайтып, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырат. Үчүнчүдөн, инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүлмөк. Жол бар жерде бизнес бар дегендей, инфраструктура жакшы болгон жерде өндүрүш ишканалары көбүрөөк ачылат эле. Төртүнчүдөн, улуттук коопсуздук маселеси да туура жолго коюлат болчу. Менимче, өлкөбүздүн стратегиялык маанидеги бир гана транспорттук коридорго көз каранды болуусу туура эмес. Көп мамлекеттер негизги жол жабылып калган учурда пайдаланылчу резервдик маршруттарды алдын ала куруп коюшат. Маселен, Таластагы дыйкандардын төө бурчагын сыртка алып чыгып кетип жаткан фуралар, мал ташыган, жер-жемиш алып бара жаткан оор жана жеңил унаалар жолдун айынан бир аймактан экинчи бир аймакка жолдун азабынан туруп калбашы керек. Талас кичинекей аймак болгону менен кыргыз элинин руханий башаты катары да саналып, ал жерде Манас атабыздын күмбөзү жайгашкан. “Манас Ордо” комплекси болсо жыл сайын миңдеген зыяратчыларды жана туристтерди кабыл алып турат. Эгер заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу жол курулса, ички туризм дагы бир топ жанданмак. Бул мейманканалардын, эс алуу жайларынын, кол өнөрчүлүктүн, кызмат көрсөтүү тармагынын өсүшүнө да түздөн-түз таасир этет эле. Чет өлкөлүк туристтер үчүн дагы Талас өзүнчө бир туристтик багыт болуп калышы керек да. “Манас Ордо” комплекси, “Беш-Таш” жаратылыш паркы, тарыхый эстеликтер, көчмөн маданият мунун баары дүйнөгө сунуштай турган чоң байлык эмеспи.
Бул бир жагы, экинчи жагы эгер жол салынып кала турган болсо, жергиликтүү элдер үчүн тоо туризмдин өнүгүшүшүнө да жакшы шарт түзүлмөк. Жол бою отурган малчылардын эт, сүтү, кымызы менен бирге жайлоо туризмин өнүктүрүп ички туристерден тартып, чет элдик коноктор үчүн дагы жайлоо эс алуусу жолго коюлмак.
Албетте, эмнеге Талас, башка аймактын баарысы бапестегендей жолго коюлуп калыптырбы дебессиздер…
Азыркы учур эң ылайыктуу мезгил
Кудайдын кулагы сүйүнсүн, Кыргызстан акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду активдүү ишке ашырып жатат. Эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу кеңейип, мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүгү мурдагы жылдарга салыштырмалуу кыйла жогорулады. Ири жолдор, тоннелдер, көпүрөлөр көп аймактарда, шаарлардын ичинде курулуп жатат. Дал ушундай учурда илгертен айтылып, ак-карасы иликтенип “болот-болбойт” деп келген Таластагы альтернативдүү жол боюнча адистер, анан калса тиешелүү жол кызматы техникалык-экономикалык негиздемени даярдап, экологиялык, инженердик жана каржылык эсептөөлөрдү жүргүзүп, долбоорду мамлекеттик стратегиялык деңгээлде кароо мезгилдин талабы болуп турат. Мындай долбоорду мамлекеттик бюджеттин эсебинен гана эмес, эл аралык өнүктүрүү банктарынын жеңилдетилген кредиттери, гранттык программалар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу дагы ишке ашырууга болоор беле деген ой. Албетте, жол куруу оңой-олтоң иш эмес, чоң каражатты талап кылат. Бирок, Таласта Жерүй кени иштеп, дагы башка кендер да ишке берилүү алдында турат. Анда эле алтындын аркасы менен бир облус ушундай негизги кирешелүү жана пайдалуу байланышты түзгөн альтернативдүү жолго эмнеге ээ болбошу керек? Кээ бирөөлөр альтернативдүү жол Талас элине гана керек деп ойлошу мүмкүн. Чынында андай деле эмес. Бул жол Кыргызстандын транспорттук туруктуулугун бекемдеп, өзгөчө кырдаалдар учурунда резервдик каттам болот. Аймактар аралык соода күчөп, туризм өнүгүп, ишкерчиликтин активдүүлүгү жогоруламак. Элдин бири-бирине болгон ич ара байланышы жеңилдемек.
Эгерде өнүккөн мамлекеттердин тарыхына көз чаптырсак, алардын экономикалык секириги эң оболу жол, темир жол, аэропорт жана байланыш тармагынан башталган. Инфраструктура түзүлгөн жерде гана экономика өнүгөт. Таласка альтернативдүү жол куруу бүгүнкү күндүн гана эмес, келечек муундардын кызыкчылыгын көздөгөн стратегиялык долбоор болмок деп ойлойм. А сизчи, окурманым?
Бул сөзүбүздүн башы болуп турсун, алдыда адистердин көз караштары менен коштолгон иликтөөлөрүбүздү да беребиз.
Күнболот Момоконов