Таласка жол: кыргыз милициясын казак полициясы чек арага чейин коштоду

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 57

Кыргызстандын милиция кызматкерлери Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн жолго чыгышты.

Патрулдук экипаждар жана кызматтык автобустар Талас облусуна Казакстандын аймагы аркылуу өттү.

Жолдун коопсуз өтүшүн Казакстандын полиция кызматкерлери камсыздап, кыргызстандык кызматкерлерди Талас облусунун чек арасына чейин коштоп барышты.

Эки өлкөнүн тартип сакчыларынын мындай өз ара колдоосу — кыргыз-казак достугунун, боордоштуктун жана өз ара урматтоонун дагы бир көрүнүктүү мисалы.

Казак-кыргыз — бир тууган!

Коопсуздук жана тартип — жалпы жоопкерчилик!

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X