Таласта 113 мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты

16-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 29

Талас облусу боюнча быйыл 113 мектепте жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу « Эркин –Тоонун» аймактык кабарчысы билдирет.

Жалпысынан облус боюнча  4 миңден ашуун наристе  даярдоо классына кабыл алынып,  мектеп босогосун  5миң 262 окуучу алгачкы жолу аттады. Аймак боюнча быйыл  56 318 окуучу билим алат, аларга 3640 мугалим    балага билим бере баштады.

«Андан тышкары,  Талас районундагы Арал айылындагы мектептин жаңы имаратынын курулуш иштери аяктап, октябрь айында окуучуларды кабыл алганы турат. Ал эми облус боюнча 3 мектепте капиталдык ремонт иштери азыр дагы жүрүп жатат», — деп билдирди Президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыял Жанузакова.

Анын айтымында,  15-сентябрга карата ковидге каршы эмделген мугалимдер 75 пайызды түздү. Мектептерде санитардык нормаларды сактоого түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

 (SA)

16-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X