Таласта 2 жаштагы наристе дайынсыз жоголду
12-апрель күнү, Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылында 2 жаштагы Рамзан Айткулов дайынсыз жоголду. Маалыматка караганда, кечээ саат 17:30да Бакай-Ата РИИБге Өзгөрүш айылынын тургуну телефон аркылуу кайрылган. Ал, саат 15:30 чамасында айылдын Субан көчөсүндө 2 жаштагы Рамзан Айткулов үйүнүн эшигинин алдында ойноп жатып, жоголуп кеткенин айткан. Окуя болгон жерге Талас ОИИБ менен Бакай-Ата РИИБдин ыкчам топтору барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн.
Жоголгон Рамзан Айткуловдун апасы саат 15:00 чамасында үйүнүн эшигинин алдында кайын энеси менен кир жууп жаткан учурда, алардын жанында ойноп жүргөнү такталган. Жарым сааттан кийин бала дайынсыз болуп табылбай калган. Баланы издөө иштерине Талас ОИИБ менен Бакай-Ата РИИБдин 80ден ашык, ӨКМдин 6 кызматкери тартылып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте Кара-Суу жана Талас дарыясын бойлоп издешкен.
Божомолдорго караганда, ал Талас дарыясына агып кетиши мүмкүн. Учурда баланы табуу максатында Талас дарыясынын жээгинде жана токойдо издөө иштери уланып жатат.
Баланын өзгөчө белгилери: бою 55-65 см, чачы кыска жана күрөң түстө, көздөрү күрөң түстө.
Кийген кийими: кара түстөгү водолазка, кызыл түстөгү чермий, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара түстөгү көлөч.
Талас ОИИБ Рамзанды көргөн-билгендер болсо, кабарлашып, жардам берүүнү өтүнөт.
Байланыш үчүн телефондор: 03457 32314, 03422 6 0547,0701 131396, 0701 601 629, 0779 102 153.