Таласта 3-майдан баштап мектептер аралыктан окутууга өтүштү
Таласта 3-майдан баштап 10-майга чейин бардык мектептер аралыктан окутууга өтүштү.
Эске салсак, коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна жана эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, 1-майдан тартып Жалал-Абад жана Каракол шаарларындагы мектептер онлайн форматта окутула баштаган. Бишкек шаарында да айрым мектептерге аралыктан окуу киргизилген болчу.