Таласта 7 манасчы Кароол-Дөбөдө «Манас» айтты

11-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 173

Талас шаарындагы Кыргыз Улуттук «Манас Ордо» комплексинин Кароол-Дөбө чокусунда кыргыздын улуу руханий мурасын даңазалаган өзгөчө иш-чара өттү.

Иш-чарада жети манасчы үзгүлтүксүз «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айтып, манасчылык өнөрдүн бийиктигин тартуулашты.

Кароол-Дөбөнүн чокусунда жаңырган «Манас» айтуу көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Бул көрүнүш кыргыз элинин кылымдарды карыткан оозеки чыгармачылык салтын, улуттук баалуулуктарын жана руханий мурасын дагы бир ирет даңазалады.

Иш-чара Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында уюштурулду.

«Манас» эпосу кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын, каада-салтын жана улуттук баалуулуктарын камтыган уникалдуу мурас болуп саналат. Аны кийинки муундарга жеткирүүдө манасчылардын орду өзгөчө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X