Таласта “Акылман” президенттик лицейи ачылды
Талас шаарында Ералхан Абилдаев атындагы “Акылман” президенттик лицейи ачылды.
Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышып, лицейдин курулушу мамлекет менен меценаттардын биргелешкен аракетинин жыйынтыгы экенин белгиледи.
Мамлекет башчысы лицейдин курулушуна колдоо көрсөткөн Болот Ералханович Абилдаевге ыраазычылык билдирди.
Жапаровдун айтымында, жаш муундун сапаттуу билим алышына шарт түзүү жана заманбап талаптарга жооп берген билим берүү мекемелерин куруу — өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү.
Лицей Таластагы окуучуларга терең билим алууга жана заманбап билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзөт.