Таласта «Арашан» породасындагы койлор 4 миңден 8 миң долларга чеийин бааланууда

12-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 24

Таласта «Арашан» породасындагы койлор учурда 8000 миң доллардан 30 миң долларга чеийин бааланууда. Бул тууралуу «Эркин -Тоонун» аймактык кабарчысына жергиликтүү малчылар билдиришти.

«Арашан» породасындагы койлор 2021-жылы апрель айында расмий катталган койлорду жаңы түрү. Республика боюнча 5 миң баш бар. 1973-жылы гисар койлорду алып келип,селекция аркылуу пайда болгон. Биздин куйруктуу кочкорлордун ортосунан чыккан мыкты порода. Бул койлордун түрү Таласта, Чүйдө, Ысык-Көлдө гана сакталган.Калыстар сынына кочкор, кой, козулар коюлуп жеңүүчүлөр тишине, салмагына, узундугу, бийиктигине карата сындалды. Бул койлор 8000 миң долларга чейин бааланат. Буюрса жакынкы аралыкта аларды эл аралык көргөзмөлөргө да алып чыгалы деп жатабыз», — деди «Кыргыз койчулар» бирикмесинин жетекчиси Мирлан Сатыбеков»

Кум-Арык айылынын тургуну Расул Бийлибаев көргөзмөгө жалпысынан 30 дай коюн алып келген.

««Карагат» аттуу коюма кошуп, 30 койду көргөзмөгө алып келдим. Койлордун узундугу, бою эске алынат. Кулагы эле 20 см чыккан сулуу парода. Бышык болот. Кыргыз койлордон айырмасы чоң, эттүү, майлуу. Бир эле кочкор 180-220 киллограмга чейин барат. Кочкорумду 4 миң долларга сурап жатышат. «Арзан», — деп бербей койдум. Короомдо 100 баш кой ушул породадан», — деди чабан.

Белгилей кетсек, Таласта «Арашан» породасындагы койлордун көргөзмөсү болуп өттү. Ага жергиликтүү чабандар 300гө жакын кочкор, козу, кой алып келишкен. Кезинде «Арашан» породасындагы «Миллион» аттуу кочкор казак малчыларга 30 миң долларга сатылганы айтылууда.

Эскерте кетсек, 2021-;sklsy 15-апрелинде Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги кыргыз “Арашан” эт, май багытындагы жаңы кой породасын каттаган.
“Арашан” породасындагы койлордун эт, майынын сапаты эң мыкты жана куйругу көлөмдүү болот. Бат чоңоюга жана өсүүгө ылайыкташкан. Бийик тоолордо жана өрөөңдүү талааларда багууга ыңгайлашкан.
Кочкорлорунун мүйүзү болбойт. 7-8 айлык козуларынын тирүү салмагы 48-61кг, бир жылдыгы 60-78кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177кг чейин жетет.

(SA)

12-сентябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X