Таласта аскер кызматчыларына жаңы батирлер тапшырылды

Талас шаарында «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасынын алкагында курулган көп кабаттуу үйдөн аскер кызматчыларына батирлердин ачкычтары тапшырылды.

Ачкыч тапшыруу аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын кызматкерлери, аскер кызматчылары жана алардын үй-бүлөлөрү катышты.

Буга чейин мамлекеттик ипотека аркылуу курулган турак жайлардан Каракол шаарында жана Кара-Суу районунда да аскер кызматчылары батирлүү болушкан.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X