Таласта бокс өнүгөт: Кызыл-Адырда жаңы зал ачылды
Талас облусунун Айтматов районунда жаш спортчулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кызыл-Адыр айылындагы «Асыл» спорт комплексинде заманбап бокс залы пайдаланууга берилди.
Анын ачылыш аземине Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев, медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков катышты.
Жаңы спорт зал жаш мушкерлердин машыгуусуна шарт түзүп, келечекте өлкөгө дүйнө жана Олимпиада чемпиондорун тарбиялоого жол ачат деген үмүт айтылды.
Долбоорду ишке ашырууга жана Талас облусундагы башка социалдык объектилердин курулушуна каржылык колдоо көрсөтүп келе жаткан Болот Абилдаевге ыраазычылык билдирилди.