Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата мамлекеттик туу көтөрүлдү
Таласта Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата мамлекеттик туу көтөрүлдү.
Салтанаттуу азем бүгүн, 11-сентябрда Талас шаарынын борбордук аянтында өтүп, ага президент Садыр Жапаров катышты.
Жапаров мамлекеттик туу элдин сыймыгы, биримдиктин символу жана ата-бабалардан калган ыйык аманат экенин белгиледи.
Президент тууну кийинки муунга «өңүн оңутпай, салмагын кемитпей» өткөрүп берүү бүгүнкү муундун аракетине байланыштуу экенин айтты.
Ошондой эле ал элди биримдикти сактоого, мамлекетти бекемдөөгө, жаштарга татыктуу тарбия жана сапаттуу билим берүүгө чакырды.