Таласта фотокапкандар сейрек кездешүүчү жаныбарларды каттады

18-июнь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 351

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан орнотулган фотокапкандар аймактагы сейрек кездешүүчү жана Кызыл китепке кирген жаныбарларды тартып алды.

Кадрларга тоолордун сыймыгы саналган ак илбирс, сүлөөсүн, тоо эчкилери, жапайы доңуздар, карышкырлар, улар жана башка тоо жаныбарлары түшкөн.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, фотокапкандарга жаныбарлардын көп катталышы аймакта жүргүзүлүп жаткан жаратылышты коргоо иш-чараларынын натыйжалуулугун көрсөтөт. Ошондой эле браконьерликке каршы күрөштүн күчөтүлүшү, коргоо режимдеринин сакталышы биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистеманы сактоого өбөлгө түзүүдө.

Возможно, это изображение большая кошка, снежный барс, гепард и текст "A TROPHY TROPHYCAM32F0°C CAM 32°F0°C 01-14-2026 1"

Адистердин айтымында, жаныбарлардын табигый чөйрөдө өзүн коопсуз сезиши алардын көбөйүүсүнө шарт түзүп жатат. Мындан ары да жаратылышты коргоо, көзөмөлдөө жана санариптик мониторинг жүргүзүү иштери улантылат.

Белгилей кетсек, жаныбарларга байкоо жүргүзүү үчүн орнотулган фотокапкандар 3 айдан 6 айга чейинки аралыкта текшерилип, алынган кадрларга талдоо жүргүзүлүп турат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X