Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан Талас облусуна 5 даана жаны «Шевроле Кобальт» үлгүсүндөгү авто унаа берилди. Унаалар облустагы ар бир район жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүмдөрүнө тергөө топторунун ыкчам иштөөсүн камсыздоо максатында берилди.
Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис министрлик тарабынан берилген унааларга тиешелүү кам көрүп, жоопкерчиликтүү кызмат кылуу керектигин айтты.