Таласта издөө операциясы учурунда ӨКМдин суучулу каза тапты
Талас дарыясына чөгүп кеткен Байел аттуу жарандын сөөгүн издөө иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир суучулу каза болду.
Бул тууралуу КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев билдирди.
Анын айтымында, каза болгон суучулдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтылды.
Ошондой эле, орун алган кайгылуу окуяга байланыштуу Талас облусунда өткөрүлүшү пландалган бардык маданий жана коомдук иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
Окуянын жагдайлары такталып, тиешелүү кызматтар тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.