Таласта 14 жашка чейинки футболчулар арасындагы Кыргыз Республикасынын кубогу аяктады. Оюнга Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын, Жалал абад жана Бишкек шаарынын курама командалары катышты. Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Кубогун Бишкек шаарынын курама командасы жеңип алды. Экинчи орунга Ысык-Көл, үчүнчү орунга Баткен, төртүнчү орунга Чүй облусу ээ болушту.
Эске салсак, Бишкек шаардык курама командасын Мирлан Чекиров машыктырып келет.