Таласта кышында свет өчүрүлбөйт

4-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 24

Быйыл кышында Талас облусунда электр энергиясы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу «Түндүкэлектро» ААКсынын Таластагы жетекчиси Нурдин Осмонов жергиликтүү телеканалдын түз эфириндеги маегинде билдирди.

«Линияларды оңдоо, иретке келтирүү иштери 15- ноябрга чейин жүргүзүлөт. Ошондон улам тилкелерде маал маалы менен өчүрүрүүлөр болуп турат. Ал эми кышында электр энергиясын өчүрүү авариялык абалды эске албаганда болбойт»,- деди Нурдин Осмонов.

Ал билдиргендей, облуста 72 трансформатор болсо, анын 40 пайызга жакыны ишкерлердин менчиги.

«Алар 4 жылда бир жолу текшерилип туруусу керек. Тилекке каршы он жылдап каралбай турган ошол трансформаторлордун айрымдары кыш мезгилиндеги жүктөмгө туруштук бербей бузулуп калса бир линияны толук өчүрүүгө алып келет. Облуста 3 фазалуу эсептегичтердин лицензиялары, абалы толук кароодон өткөрүлөт. Абономенттердин карызы былтыр 96 млн сом болсо, быйыл 46 млн сомго азайды. Анын ичинде 11 млн сомду мамлекеттик ишканалар карыз. «Түндүкэлектро» ишканасы өзүнүн 40тан ашуун кызматкерлеринин айлыктарынан чегерип, үйлөрүнө көмүр түшүрүп берди. Муну менен энергетиктер облустун башка тургундарын дагы электр энергиясынын альтернативдүү жолун күз, кыш мезгилинде колдонууга чакырат»- деди ишкананын жетекчиси.

Нурдин Осмонов белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыдан аз болуп, электро энергиясы каатчылыгы жаралганын, андыктан турмуш-тиричиликте үнөмдүү болууну сунушташат.

Белгилей кетсек, учурда кеч киргенден тартып, Талас шаарындагы айрым көчөлөрдө, айылдаргы жана Суусамыр-Талас-Тараз автожолундагы жарыктандыруулар өчүп турганын байкоого болот.(SA)

4-октябрь, 2021-ж. / Жазгүл Кенжетаева / Коом 24
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X