Таласта маммографиядан акысыз текшерилиңиз!
Талас облусуна маммография боюнча көчмө жабдык келди. Бул көчмө жабдык аялдардын эмчек рагын эрте аныктоо же алдын алуу аракети үчүн зарыл. Бул туурасында «Эргене» коомдук уюмдун жетекчиси Тынара Касымалиева билдирет.
«Бул жабдык эмчек рагын күрүчтөй кезинде аныктайт. Бул ракты айыктырууга шарт түзөт. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун кеңеши боюнча бул биздин көчмө жабдыгыбыз акыркы үлгүдөгү сапаты мыкты жабдык. Кыргызстан боюнча бир гана онкобольницада бар. Анан ушул гана бар. Азыр Таласка келип текшерип жатабыз».- дейт Касымалиева.
Белгилей кетсек, маммография боюнча бул жабдык алгач Талас районундагы Бекмолдо айыл аймагындагы айымдарды текшерди.
Учурда Талас району, андан кийин Талас облусу боюнча кыдырып аялдарды текшерет.
29-ноябрга чейин Талас облусунда аялдарды акысыз текшерүүдөн өткөрүп жаткан жабдыкты Таласка «Альянс Алтын» ишканасы жалдап алып келген. «Аталган ишкана эки ай мөөнөт үчүн жабдыктын кожоюуну «Эргене» уюмуна 950 миң сом төлөгөн» — деп билдирди ишкананын өкүлү Бакыт Турсуналиев.
(SA)