Таласта милиция кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды
УКМК Талас облусунда милиция кызматкери 35 500 АКШ долларын мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен кармалганын билдирди.
Маалыматта ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Талас облусу боюнча ыкчам кызматкери чет өлкөлүк инвестордун ишенимине кирип, кымбат баалуу «Паслен» тукумундагы чөп өсүмдүгүн өстүрүү жана аны Түркияга экспорттоо боюнча макулдашып, 35 500 долларды мыйзамсыз ээлеп алгандыгы айтылат. Уруктун баасы 1 килограммы 3 миң доллар деп көрсөтүлгөн.
Чет элдик жаран бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылган. Прокуратура органдары мурдагы материалдарды УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берген.
24-февралда шектүү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.