Таласта органикалык өндүрүштүн жаңы борбору ачылды

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 101

Таластын Айтматов районунда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган ири агрокомплекс ишке кирди. Ак-Башат айылында ачылган «Талас Органик» комплекси продукцияны өстүрүүдөн тартып, аны сактоо, сорттоо жана таңгактоого чейинки толук циклди камсыздайт.Нет описания фото.

Жаңы агрокомплексте 1500 тоннага ылайыкталган заманбап муздаткыч кампа, сорттоо жана таңгактоо борбору, агролаборатория жана башка өндүрүштүк инфраструктура бар. Ал эми органикалык өндүрүш үчүн 300 гектар жер бөлүнгөн.

Бул жерде картошка, буурчак, кулпунай, малина, бадыраң, калемпир жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Өндүрүштө сууну үнөмдөөчү тамчылатып жана чачыратып сугаруу технологиялары колдонулат.Нет описания фото.

«Талас Органиктин» дагы бир өзгөчөлүгү — комплекс эл аралык органикалык сертификациядан өткөн. Qazaq Bio Control тарабынан сертификат алган бул ишкана Талас облусундагы алгачкы ири органикалык агрокомплекстердин бири болуп калды.

Долбоорго 320 млн сом инвестиция жумшалып, каржылоону «Альянс Алтын» жүргүзгөн. Ишкана жергиликтүү фермерлер үчүн да ачык болот. Алар өз продукциясын бул жерден сактоо, сорттоо, калибрлөө жана таңгактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Мындан тышкары, фермерлерге органикалык өндүрүшкө өтүү, сертификациядан өтүүгө даярдануу жана продукцияны рынокко чыгаруу боюнча көмөк көрсөтүлөт.Нет описания фото.

Жаңы агрокомплекс аймакта жумуш орундарын да көбөйтөт. Алдыда 20–30 туруктуу, ал эми түшүм жыйноо мезгилинде 100–200 сезондук жумуш ордун түзүү пландалууда.

Долбоор муну менен эле токтоп калбайт. Келечекте органикалык талаалардын аянтын 500 гектарга чейин кеңейтүү, тоңдуруу, кургатуу жана консервациялоо линияларын ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле Таласта өндүрүлгөн органикалык продукцияны Казакстан, Россия жана Европа рынокторуна экспорттоо максаты коюлган.Нет описания фото.

Таласта органикалык өндүрүшкө жаңы жол ачылды. Эми жергиликтүү дыйкандардын эмгеги ата мекендик гана эмес, эл аралык рынокко да чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X